"Анжелика" жөнүндө тартылган тасмалар аркылуу белгилүү болгон француздардын легендарлуу актёру Жан Рошфор дүйнө салды
Жан Рошфор


Жан Рошфор

"Татынакай Анжелика" менен
Француздардын легендарлуу актёру Жан Рошфор 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёр ооруп жүрүп август айында ооруканага жаткырылган. Ал жактан дүйшөмбүгө караган түнү көз жумган. Азырынча өлүмүнүн себеби боюнча так маалымат айтыла элек.
Рошфор карьерасын 1950-жылдары баштап, "Анжелика" тууралуу тартылган үчилтик аркылуу популярдуу болуп кийин "Фанфан жоогазын", "Поезддеги адам", "Мистер Биндин эс алуусу" жана башка жүздөн ашуун фильмдерде роль жараткан.
Актёрдун өлүмүнө байланыштуу интернеттеги социалдык желенин колдонуучулары анын сүрөтүн жана ал катышкан фильмдердин үзүндүлөрүн жүктөп, терең кайгыруу менен көңүл айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
admin_superstan

10.10.2017. 10:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keba300989, Nevestkaa, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.