super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ОКТЯБРЬ: Мындан 13 жыл мурун "Супермендин" ролу менен атактуу болгон америкалык актёр Кристофер Рив каза болгон

 

"Супермен" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен америкалык актёр Кристофер Рив 2004-жылы 10-октябрда 52 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган.

Кристофер Рив 1952-жылы 25-сентябрда жарык дүйнөгө келип, кичинесинен чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күч болгондуктан эрте жашынан эле театрда эмгектенип жүргөн. 1978-жылы "Супермен" тасмасынын башкы каарманына сынак жарыяланып, 200 талапкердин ичинен тандалып алган. Аталган фильмдеги ролу менен канчалаган элге аты таанылып, чыныгы популярдуулукка жеткен. Кийин ушул эле тасманын 2-3-4-бөлүмдөрүнө тартылган.

Ошондой эле ал катышкан "Анна Каренина", "Авиатор" фильмдери да жетиштүү деңгээлде өз көрөрмандарын тапкан. Кристофер Рив актёрлуктан сырткары даректүү тасмаларды тартып, илимий жана коомдук иштер менен да алектенген. Музыкага жакын болуп, пианинодо ойночу. Андан сырткары спортчу, каскадёр, яхтсмен, аквалангист, дельтапланерист да болгон.

1995-жылы 27-майда аттан кулап моюн омурткасын сындырып алып, шал болуп калган. Оор операцияны башынан өткөргөндүктөн кыймылдамак турсун өз алдынча сүйлөй алган эмес. Атайын аппараттын жардамы менен сүйлөгөн актёр ооруга моюн сунбастан коомдук жана башка иштерге активдүү катышып, жубайы менен биргеликте шал болуп калган адамдар үчүн атайын борбор да ачкан.

Жубайы менен

1998-жылы өзү жөнүндө "Дагы деле мен" деген аталыштагы китеп чыгарып, анда 50 жылдыгына чейин кайрадан өз алдынча басып калууну кыялданарын жазган.

Актёр өмүрүнүн соңуна чейин жубайы, америкалык актриса жана продюсер Дана Рив менен түтүн булатып, 2 уул, 1 кыздуу болгон.
10-октябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурунун акырына чейин ысык суугуна чыдап омур сургон аялына да рахмат, копчулук аялдар чанып таштап кетет го, тем более Батышта, Америкада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: