super.kg logo

О!Деньги – смартфонуңдан төлөмдөр үчүн жаңы тейлөө кызматы

 

Кыргызстандыктар өз балансынан* кызматтарды төлөө үчүн жаңы, эң негизгиси ишенимдүү жана жөнөкөй жолуна – О!Деньги тейлөө кызматына ээ болушту.

Жаңы тейлөө кызматы азыркы учурда өз кардарларына биринчи болуп мындай мүмкүнчүлүктү тартуулаган О! мобилдик операторунун гана абоненттерине жеткиликтүү. Эки жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар колдонууга жеңил жана ыңгайлуу болгон жаңы технологияларды багындыра башташты. Эми ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн терминалдын жанында туруунун, ар бирине ар бөлөк төлөөнүн жана почтага баруунун кажети жок. Мунун баары – кечээги күн. Жөн гана өз балансын толтуруу менен үйдөн чыкпай туруп эле сутканын кайсы бөлүгүндө болбосун, эсептерди төлөөгө мүмкүн.

О! Деньги тейлөө кызматы коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү үчүн гана эмес, интернет, телеберүүлөр, МАИнин жаза пулдары жана көптөгөн башка нерселердин төлөмдөрүнө да арналган. Өз балансын колдонуу аркылуу, мисалы, социалдык тармактардан виртуалдык белекке төлөөгө же популярдуу оюндагы премиум-танканы сатып алууга болот.

Тиркемеде балансты толтуруу же түрдүү товарлар жана кызматтар үчүн төлөө үчүн өзүнүн банктык картасын да кошуп коюуга мүмкүн.

Бул коопсуз! Банктык карта менен жүргүзүлгөн ар бир транзакция Visa жана Mastercard коопсуздук протоколдору менен корголгон. О!Деньги тиркемесиндеги ар бир операция тутум тарабынан кылдат текшерүүдөн өтөт, ал эми тиркеме сиздин жеке шарт белгиңиз же бармак тагыңыз менен ишенимдүү корголгон.

«Смартфондун жөн гана байланыш каражаты эмес, ар дайым жаныңарда алып жүрүүчү кадимки капчыкка айландырган мезгил да келди, - деп түшүндүрмө берет О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко – Азыр аалам ар секундада өзгөрүп жатат, О! мобилдик оператору дагы эң заманбап агымдарга шайкеш келүүгө умтулууда!»

О!Деньги тиркемесин AppStore же Google Play Market аркылуу акысыз жүктөп алыңыз да, дароо азыр колдоно баштаңыз!

  • Толук маалыматты жана кызыккан суроолоруңузга жоопторду o.kg. расмий сайтынан таба аласыз.
  • О! Деньги тиркемесиндеги “Онлайн чат” жана “Коңгуроо” пункттарындагы кардарларды колдоо кызматына тейлөө кызматы тууралуу каалаган суроолорду бере аласыздар. Ошондой эле Telegram мессенжериндеги @odengi_bot дарегине бат жазып койсоңуз, өтө ыкчам жооп ала аласыз;
  • Эгер, сиздин тейлөө кызматын өнүктүрүү боюнча кеп-кеңештериңиз болсо, dengi@nurtelecom.kg. дарегине жазыңыз.

О!Деньги – баарына өз балансыңдан* төлө!

*баланс –пайдалануучунун электрондук капчыгынын эсеби.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.10.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдонуп көрдүм эң жакшы! Рахмат о мобилдик операторуна.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: