super.kg logo

Мамкаттоо кызматынын башчысы: "Мындан ары жарандардын мамлекеттик төлөмдөрдү төлөө үчүн мекеменин алдына баруу зарылчылыгы болбойт"

 

Эми жарандар бардык төлөмдөрдү мамлекеттик электрондук кызмат порталы аркылуу төлөй алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев бүгүн порталдын ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын билдиришинче, ал үчүн жарандарда электрондук капчык болушу шарт. "Эми электрондук капчыгы бар жарандар бардык төлөмдү үйүндө отуруп эле электрондук капчык аркылуу төлөй алышат. Эч кандай мекеменин алдына барып кезек күтүп убакыт коротушпайт. Ал эми төлөмдөр үчүн коопсуздук тарабы каралган", - деди Догоев.

Электрондук кызмат порталы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта пайдаланууга жол ачат. Ал "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Аны пайдалануу үчүн идентификациялык электрондук карта (биометрикалык паспорт) алып, компьютерге атайын программаны көчүрүү керек.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: