super.kg logo

Күрөк менен башка жеген Скай жарты башы менен жашап келет

 

Мындай травмадан кийин жаныбардын жашап кетиши өзүнчө бир керемет! Бул иттин аты Скай (Асман). Бул сүйкүмдүү итти белгисиз адам күрөк менен башка чаап, жыйынтыгында ит бир көзүнөн, кулагынан жана башынын дээрлик жартысынан айрылган.

Скай кадимкидей эле адамдарды сүйгөн короочу ит болгон. Аны белгисиз адам күрөк менен башка чаап кыйнаганда качып кутулуп, киши барбаган тынч жерге жатып жашынып алган. Жашынган коңулда анын канча жатканы белгисиз, бирок анын башындагы өлүү ткандары сыйрылып түшүп, жаракатынын бетин чөп жана түк басып кеткен. Таң калычтуусу, өлүм алдында жатса да Скай тирүү болгон. Жергиликтүү ветеринар итти таап алганда ал араң эле дем алып жаткан экен. Ал иттин бир нече тишин зыян келтирбеши үчүн жулуп салган. Скайдын акыбалын көргөн ветеринар өзү жалгыз дарылай албасын түшүнүп, кесиптештеринен жардам сураган. Ага ушул жылдын июнь айларында АКШда операция жасалган. Кайрымдуу жарандар иттин ден соолугуна деп акча да чогултушкан. Операциядан кийин скайдын жаагы бир аз ачылып, жумшак азыктарды жеп калган.

Азыр анын башын ветеринарлар толук калыбына келтире албаса дагы тамак жеп, ойноп, ал тургай кожоюн да тапкан. Иттин сол жагынан караганда абдан сүйкүмдүү жана жагымдуу. Оң жагынан караганда гана 4 аяктуу айбандардан өткөн мыкаачылар адамдардан чыгарын эстеп кетесиң.






Зөөкүрдөн күрөк менен башка жеген Скай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.10.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Байкушум журогум ооруп кетти.
10.10.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдын кудурети
10.10.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо жараткан Аллахым ушундай зоокурлордон озун сактай кор жараткан Аллахым!!байкушум десе аябай аянычтуу, Ит адамдын досу, Ит адамдын канатты дейт эмеспи!!эмне мынча кыйнаган байкушумду
Медиа-портал
10.10.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ит эмес ат адамдын канаты .ит адамдын досу
10.10.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колуна шал тийгир.Айбан эле экен го адам эмес
11.10.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх жараткандые амири да.... Кара жарым баш менен жашап келе жатат. Ээ жараткан аллахым баарыбызга ынсап ыйман бере кор
12.10.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Итти бакканга жараша жооп бериш керек,ит бар уйго периште кирбейт,эгерде ит кийимге келип жабышса (эркелесе) анда ошол кийим менен Намаз окууга болбойт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: