super.kg logo

Улуттук статистика комитети: "2017-жылдын 9 айында Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң продукциясы 334 миллиард сомду түздү"

 

2017-жылдын 9 айында Кыргыз өлкөсүнүн Ички дүң продукциясы 334 миллиард 983,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда уюштурулган маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Байысбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2016-жылдын 9 айына караганда 5 пайызга өстү дегендик.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда өлкөбүздүн ички дүң продукциясы 302 миллиард 200 миллион сомду түзүп, өсүү 3,6 пайыз болду. Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң продукциясынын эң чоң үлүшүн кызмат көрсөтүү чөйрөсү түздү - 49 пайыз. Ал эми өнөр жай чөйрөсү - 19 пайыз, айыл чарба чөйрөсү - 15 пайыз жана курулуш - 7 пайызды түздү", - дейт Байысбек Касымбеков.

Өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 19 пайызын түзгөн өнөр жай чөйрөсү тармагынын көлөмү 2017-жылдын 9 айында 161 миллиард сомду түздү.

"Бул көрсөткүч былтыркы эсепке караганда 20,7 пайызга өскөн. Өнөр жай көлөмүнүн жогорулашы металл кендерин казуу (4,4 эсеге), тазартылган мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн (1,4 эсеге) негизги металлдарды чыгаруунун (18,6 пайызга), башка металл эмес минералдык өндүрүүнүн (15,8 пайызга), ошондой эле электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоонун (12,3 пайызга) өсүшү менен орун алды", - деп кошумчалады Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
10.10.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сан козду суйунтот, Факты ичти куйгузот. Осуп эле атат пайдасына тышкы карыздарды жаап баштасан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: