Статистика комитети: "Бишкек шаарынын негизги инвесторлору Япония, Кытай, Сингапур, Нидерланды, Казакстан жана Түркия өлкөлөрү болуп эсептелет"
2017-жылдын 6 айында Кыргыз өлкөсүнө киргизилген чет өлкөлүк түз инвестициялардын 37,1 пайызы Ысык-Көл облусуна келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Гүлбара Мажыкова билдирди.
Анын айтымында, алты ай аралыгында жалпы эсепте өлкөгө 369,5 миллион долларлык инвестиция кирген. Алардын 37,1 пайызы - Ысык-Көл облусуна, 29,1 пайызы Чүй облусуна, 23,9 пайызы - Бишкек шаарына, 7,9 пайызы Жалал-Абад облусуна кирсе, 2 пайызы башка облустарга кирген.
Бишкек шаарына кирген инвестициялар каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу, курулуш, электр, газ жана суу менен камсыздоо тармактарына киргизилген инвестициялардын азайышына байланыштуу 2,2 эсеге төмөндөгөн.
Бишкек шаарынын негизги инвесторлору:
Япония - 17,5 пайыз;
Кытай - 15,4 пайыз;
Сингапур - 12,4 пайыз;
Нидерланды - 11,2 пайыз;
Казакстан - 11,2 пайыз;
Түркия - 9,4 пайыз;
Башка өлкөлөр - 22,9 пайыз.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун негизги инвесторлору Кытай менен Кипр болду. Чүй облусуна кирген кытайлык инвестициялар 96,7 пайызды түзсө, Кипрден кирген инвестициялар 2 пайызга барабар болду. Инвестициялардын 1,3 пайызы башка өлкөлөрдөн кирген.
Ысык-Көл облусуна Канада жана Кытай өлкөлөрү инвестицияларын киргизген. "Ысык-Көл облусуна Канада 93,2 пайыз инвестиция алып келсе, Кытай - 6,8 пайыз инвестиция киргизген. Ысык-Көл облусуна кирген тике чет өлкөлүк инвестициялар иштеп чыгаруу өндүрүшү жана геологиялык чалгындоо аркылуу өскөн", - деп кошумчалады Гүлбара Мажыкова.

