super.kg logo

31 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Жакындары "дарыгерлер табарсыгын, бөйрөк каналдарын жарып салышыптыр" дешүүдө

 

Чаткал районунун 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова аттуу тургуну төрөттөн каза болду. Иниси Султан Төрөбековдун билдиришинче, Жылдыз Төрөбекова 6-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасында операция жолу менен кыз төрөп, андан кийин каза болуп калган.

"Эжем 6-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө операция жолу менен кыз төрөгөн. Операцияны Мейман Жолдубаева деген дарыгер жасаган. 12-сентябрь күнү ооруканадан УЗИге тартпай туруп апам Зайна Төрөбековага "кызыңыздын ден соолугу жакшы экен" деп жетелеп чыгып берип койгон. Апам дарыгерге ишенип үйгө алып келген.

15-сентябрда эжемдин дене табы көтөрүлүп Чаткал райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө алып барганбыз. Ал жерде акушер-гинеколог Динара Мунарбаева Мейман Жолдубаева менен телефон аркылуу сүйлөшүп анын дайындоосу менен 2 күн дарылаган. Ал жерден абалы өзгөрбөгөн соң 18-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасына алып бардык.

19-сентябрда УЗИ, рентгенге тартышып "жатыны жакшы экен. Ичегиси менен майы оролушуп калыптыр" деп кайрадан Ала-Букадагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн бөлүм башчысы менен Мейман Жолдубаева операция жасаган. Алар жатынды алып салышкан. Операциядан кийин эжем заара кыла албай калган. Ал жерде 21-сентябрга чейин жаткан. Биз "Бишкекке же Ошко алып кетели, же дарыгер чакырткыла" десек Мейман Жолдубаева "мен Оштун дайындоосу менен карап жатам" деп туруп алган. Ага каршы болуп туруп алганыбыздан кийин Ошко багыттама жазып жөнөткөн.

Ошко алып барсак облустук ооруканасынын дарыгерлери "мынчалык оор деңгээлге жеткенче кайсы дарыгер кармап отурду?" деп кабыл албай жатып араңдан зорго кабыл алышкан. 22-сентябрда түшкү саат 13:00дө операцияга алышып, үч сааттан кийин чыккан. Дарыгерлер "жатыны жок экен. Табарсыкты, бөйрөктөн келген каналдарды жарып салыптыр, биз колдон келишинче тигип чыктык" дешкен. Эжем кан басымы түшүп кетип ошол күнү кечинде каза болуп калды. Артында 2 уул, 2 кызы калды. Жаңы төрөлгөн наристени учурда жездебиздин апасы карап жатат. Эжемдин өлүмү жакындарына аябай оор болуп жатат", - деди Төрөбеков.

Султан Төрөбеков дарыгерлердин мындай аракетине чара көрүлүшү үчүн Ала-Бука райондук прокуратурага арыз берилгенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(21)
11.10.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кандай окунучтуу, сабыр баардык жакындарына. Артында калган балдарына бак берип, кыздын арты кайрылуу болсун....
11.10.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Заочный бутургон медик окшойт да
11.10.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
dastan.bujun,бул Мейман илгерки карышкыр.Озу аял киши болгону менен эркектен да орой копол адам.Коп эле адамдан арыз тушсо керек бунун устчуно.Мен 1–баламды торогонумдо жаным кыйналып жатсам бутума чаап чаап урганы эч эсимден кетпейт.Башка Алабукада торобойм деген элем.Ошол карышкыр дагы деле бар тура.
11.10.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдыгерлик.... байкуш жараткан Алла бейиштен оорун берсин. Артында калган уул кыздарына бакыт тилеймин. Туугандарына сабыр.
11.10.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кыз болчу,классташымдын келинчеги эле.жаткан жери жайлуу болсун.Мейман эже стажы коп эле гинеколог болчу,тан калычтуу.колу менен жасаганды мойну менен тартсын эми.
11.10.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныздар , жакындары и баардык тууугандары . Медицина Математика илиминдей анык илим эмес , кайдыгерлик деле эмес , адашуу коп болот .
11.10.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча болбосо оорубаш керек. Жакында жапжаш врач жигит апамын устунон шылдындаган. Айтышып-урушуп кала бердим. Апам басып койду мени. Кан басымды олчогонду билбейт экен. Жазсам гезиттин эки бети болуп кетет. Ошондуктан кыскача жаздым.
11.10.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дрыгерлердин шалакылыгына соз жок.Жакындарына сабыр канат тилейм.Жаткан жерин жайлуу,топурагын торко босун!
11.10.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mira28, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.10.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле дарыгерлерди тушунбойсун,бул кесипти эмнеге тандаганын!Женем да торотто кыйналган,аран кыймылдап атса бат бат кыймылда,ээрин м/н жатканда оорубаган торогондо ооруйбу дейт уялбай!Алардын иши канча дейм да,жаны кыйналып атса нерв кылган!
11.10.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убагында конул болгондо аман калмак экен,10 кун ото эле коп.Врачтын кемчилиги даана эле корунуп турат. Туугандары кайратту болгула, айла жок.
11.10.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай окунучтуу.4 бала энесиз калды.Тороттон канчалаган аялдар олуп кетти врачтын шалакылыгынан.Балдардын убалы кимге?
11.10.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.Негизи Мейман эже илгерки коп стаждуу аял.Баардык Чаткал,Алабукадагы оор торотторду ошого жиберишчу билишимче.Эгер куноо андан болсо жооп бериш керек.
11.10.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.Жаратканым жайын жаннаттан берсин.Жакындарына сабыр.Аялдын бир ажалы тороттон деген ушу да.Озу дагы татынакай эже экен журок ооруйт жапжаш экенго ииий.Мен чон баламды Россиядан торогом орустар кагып силкпей эле тороткон.экинчимди Кыргызстандан уйдон торогом кыргыздын доктурлары жеп койо жаздашкан улам кийинкилер тооктойле тууп калдынарго он мунотто эле деп жаным кыйналып атса.
toma95 түзөттү 2017-10-11 14:58:57
11.10.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
toma95,Туура айтасыз, Россияда козуно карап турушат, тез-тез келип кабар алышып. Умница, моя девочка деп жакшы создорду айтышат, биздикилер (баары эмес) чыгыпаткан баланы эмес мойнундагы цепочканы карашат, алтынбы деп....
11.10.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тушунбойм биздин гинекологдор мн акушеркаларга.Гинекологиялык жактан ооруп же торогону барган аялдарды урушушат кадимкидей Жуйолуу ооруу боюнча урушса да макул,жогорудай айткандай"эрин мн жатканда оорубай,кыйкырбайсын анан биерде неге кыйкырасын деп тилдегендерин коп эле уктум.Психологиясы укмуш колхоз,оз ишинин мастери акылы эси жайында 21 кылымда жашаган профессиональ доктордун созу андай эмес.Кайра поддержка берип торогондо мотивировать этип алдап эркелетип торотуш керек жулкубай уру
11.10.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нуп.Торот кандай кыйын экенин алар эн жакшы денгээлде билишет.Адам жаны кыйналганда бакырат ыйлайт кыйналат.Мындай койгойлордон жакынкы 20жда кутулбайбыз. Азыркынын интернет ХХХХ окууларын бутсо шорубузду шорподой кайнатышатко. Анча мынчасы даже тамырга тушконду билишпейт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 17:36:04
12.10.2017. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар жалынып жакшы соз айтып торотот.Биздикилер торогон ушундай кыйын болот деп кайра урушат олбойсун толгоо эми башталды деп суйлонот.Санитаркасына соз жок тим эле кыйын суйлоп ары жат бери жат деп
12.10.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур жаш келин экен артында 4 баласы энесиз жетим калыптыр кандай гана окунучтуу ((( Врачтардын азабынан канчалаган омур кыйылып жатат ошону врачтар ойлонушса, конул болуп убагында маани берип жакшылап мамиле кылып карашса олбой калат беле....Азыр коп врачтарыбыз дипломду сатып алышып эч нерсе билишпейт. Мурун врачка барганда боюнда бары жогун УЗИси жок эле креслого чыгарып текшерип билип койушчу, азыр сразу эле УЗИге чонотот. Врачтарга Кудай коз кор кылбасын.
Ыйманы Саламат бол
12.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы Саламат болсун. Бейиштен орун тапсын. Калган омур жашын балдарына берсин
12.10.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаннаттан оорун берсин мен торош учун атайын чужой болсо дагы Россияга келип тороп кетем биринчи баламда айткан бир варач 4 Род домдо Бишкекте сени бироо жат дедиби ооруса деп вообще колхозский создор менен профессинарга кайдыгер мамиле кылбагылачы сураныч акыркы жылдыры врачтардын айынан коп аялдар каза болуп балдар жетим калып жатат, акчага алданбагыла акча колдун кири
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: