super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кыргыз тили эмнеге күнүмдүк турмушта колдонулбайт?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргыз тили эмнеге күнүмдүк турмушта колдонулбайт?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Көп тил билгенге каршы эмесмин. Өзүм төрт чет тилин үйрөндүм, чет жерде болдум. Орус классты бүтүргөм. Келгиле, эне тилибизди... Мисалы, казактар, өзбектер өз эне тилинде сүйлөшөт жана орус тилин көп колдонушпайт. Эне тилин сүйүүгө чакырам. Келгиле, достор, эне тилибизди сүйөлү, аны бийикке көтөрөлү, өз тилибизде - кыргызча сүйлөйлү".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Туура маселени ортого коюп жатасың. Биз эч качан өз эне тилибизди барктабас болдук. Бизде орусча сүйлөгөндү модага айландырып алдык, ансыз сүйлөмдөрүбүз кызыксыз болуп калат. Ар нерсенин өз орду бар демекчи, тилди да өз орду менен сүйлөө кажет. Кичине нерседен баары куралат, баарыбыз башынан нукура кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет жасашыбыз керек. Жадакалса башка жактан келгендерди да кыргызча сүйлөткөнгө аракет кылуу керек. Дагы айта берсе көп эле жетишпеген жактарыбыз бар экен. Ошолордун баары келечек ээлери болгон жаштардын колунда".

"Кыргыз тилибизди жоготуп коюу коркунучунда турабыз, достор. Тилин жоготуу деген - бул дилин жоготуу, салтын жоготуу дегендик. Ошондуктан мекендештер, баарыбыз эне тилибиздин келечеги үчүн күч жумшообуз керек. Кантип? Эне тилибизди унутпай".

"Биз, кыргыздар башка улуттарды көрсөк, аларга ошол тилде жооп беребиз, эмне үчүн алар кыргызча жооп беришпейт. Керек болсо баарын кыргызча сүйлөгөнгө үйрөтүү керек. Кыргыз жеринде жашап жатабы, демек, үйрөнүшсүн".

"Кайсы жерде болбосун жалаң нукура кыргызча сүйлөсөк кана. Калп эле кыргыз тили өнүкпөй жатат, кыргыз тили жарды, кыргыз тили заманга төп келбейт, кыргызча сүйлөө уят жана башка нерселерди айтып тантый бербей, келгиле, ар бирибиз кыргызча сүйлөйбүз. Мисалы, мен кыргыз эмесмин, бирок кыргыз тилин кыргыздардан мыкты билем. Улуу элдин албан тилин кастарлайлы, баркына жетип, көп эле адаша бербей, анча-мынча улуттук аң-сезимди жогорулатып, качан, кайсы жерде, ким менен болбосун кып-кыргызча сүйлөйбүз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.10.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тили кылымдарды каарыткан,
Кыргыз тилин эч ким өчүрө албайт тарыхтан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: