super.kg logo

БШКнын мүчөлөрү кайым айтышты. Назарали Арипов Алмаз Асаналиевди түз эфирге чакырды

 

Бүгүн, 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму өтүүдө. Анда БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев комиссиянын 4 мүчөсү бир талапкердин кызыкчылыгын колдоп жатат деп айыптады.

“Бардык талапкерлерге бирдей укук болуш керек эле. БШКнын 4 мүчөсү кайрылуу жасады. Бул кайрылуу атайын сценарий менен жазылган. Мыйзам жолундагы жумушту, мына биз, 8 мүчө жасап жатабыз деп ойлойм. Жалпыга маалымдоо каражаттарында дагы туура эмес маалыматтар кетип жатат. Кой деп койбойсуңар. Алдын ала кайсы бир талапкерди ачык эле колдободуңар беле? Шайлоо таза, ачык-айкын өтөт деп ишендирип берем. Болгон күчүбүздү жумшайбыз”, - деди ал.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов Асаналиевди бирөөнүн арыгын чаап жатат деген сөздү токтотууга чакырды. “Мен биринчиден, бирөөнүн арыгын чапкан жокмун. Сиз кантип чаап жатканыңызды көрсөтүп берем. Куру доомат койбоңуз. Кандай кайрылуу жасайм, бул менин Конституциялык укугум. Акыл айта турган сиз эмессиз. Мындай сөзүңүздү укпайын. Түз эфирге чакырам мен сизди”, - деди Арипов.

Эске салсак, 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Елена Джилкичиева кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарбоого чакырып, кесиптештерине ачык кайрылуу жасашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: