super.kg logo
  Спорт  

Мьянма курамасы Павел Матяштын акыркы мүнөттөрдөгү катасынан улам эсепти 2:2 кылып теңеди

 

18:30 Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында Мьянма-Кыргыз беттеши башталды. Беттеш Мьянманын Янгон шаарында өтүп жатат. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн катары орун алууда.

Кыргыз улуттук кураманын негизги курамында төмөнкү футболчулар чыгышты:

Дарбазачылар:

Павел Матяш (клубу жок).

Коргоочулар:

Азамат Байматов ("Сохар" Оман) - капитан;

Тамирлан Козубаев ("Дордой");

Авазбек Откеев ("Дордой");

Валерий Кичин ("Енисей", Орусия);

Жарым коргоочулар:

Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);

Бахтияр Дүйшөбеков ("Абдыш-Ата");

Фархат Мусабеков ("Алмалык", Өзбекстан);

Эдгар Бернхардт ("Сталь Мелец", Польша);

Антон Землянухин (клубу жок).

Чабуулчулар:

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия);

18:37 Виктор Майер атаандашынын дарбазасына чабуул жасап гол киргизгенге аракет жасады. Бирок Мьянманын дарбазачысы эреже бузду. Калыс Кыргыз футболчуларга пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк берди.

18:38 Топко Антон Землянухин келип, таамай сокку менен эсеп санын ачты. Эсеп 0:1.

18:44 Мьянманын футболчулары чабуул жасаганга аракет жасап жатышат. Бирок кыргыздардын коргонуусу мыкты болууда.

18:47 Мьянманын чабуулчусу Кыргыздын айып аянтчасына кирип келип сокку жасады, аны Азамат Байматов тосуп, атаандаштын чабуулун токтотту.

18:48 Талаа ээлери сол канаттан чабуул жасаганы менен Авазбек Откеев коргонууда мыкты ойноп соккуга жол берген жок.

18:49 Кыргыз футболчулар чабуулга барып, бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Виктор Майер топту атаандашынын дарбазачысынын колуна көтөрүп бергенге үлгүрдү.

18:52 Валерий Кичин чабуулга чыгып Мьянманын оюнчусун жыгып эрежени бузду.

18:53 Мьянманын оюнчулары чабуулга барып Павел Матяш менен жекеме жеке чыкканга аз калды. Мьянманын футболчулары кооптуу абал жаратканы менен, соккусу таамай болгон жок.

18:56 Антон Землянухин Мьянманын футболчусун жыгып эреже бузду. Мьянманын футболчусунун соккусун Павел Матяш тосуп алды.

18:58 Виктор Майер атаандашынын айып аянтчасына чейин кирип келип сокку узатты. Топ дарбазадан 1 метр алыстыкта өтүп кетти.

19:00 Валерий Кичин сол канаттан айып аянтчага көтөрүп бергенге жетишти. Бирок Антон Землянухин топко жетишпей, чабуул соккуга чейин барган жок.

19:01 Оюн жүрүшү бир аз тынчтанып калды. Топ негизинен талаанын орто бөлүгүндө жүрүүдө.

19:03 Виктор Майер оң канаттан чабуулга бара жаткан атаандашын түртүп жыгып, эреже бузганга барды.

19:04 Антон Землянухин оң канаттан атаандашын алдап өткөнгө аракет жасады, аны коргоочу жыкканы менен калыстын ышкырыгы жаңырган жок.

19:06 Мьянма курамасы Кыргыздардын айып аянтчасына топ көтөрүп берген, чабуулчу башы менен сокку жасаганга үлгүрдү. Сокку таамай болбой дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.

19:07 Мьянма чабуул жасаганга аракет кылууда. Кыргыз футболчулар мыкты коргонуп, топту айып аянтчага алыс чыгарууда.

19:11 Мьянманын оюнчулары контр-чабуулга барып сокку жасады. Павел Матяш соккуну тосуп калды.

19:12 Мьянма кайрадан чабуулда. Кыргыз футболчулардын көп ката кетирүүсү байкалууда. Мьянма футболчуларынын соккусу таамай эмес болуп калып жатат.

19:15 Калыс беттештин аягына 1 мүнөт кошту. Кыргыздар чабуул жасады. Бирок Майер оффсайд абалында болуп калып, чабуул токтоду.

19:16 Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады. Эсеп 0:1 Кыргыз өлкөсү алдыда.

Өзүңүздөр байкагандай, Кыргыз футболчулары колдоруна кара "аза тасмасын" байлап алып оюн жүргүзүшүүдө. Кара тасманы байланып ойноо 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Темир Жумакадыровдун көз жумганына байланыштуу.

19:31 Калыстын ышкырыгы жаңырып, 2-тайм башталды.

19:32 2-тайм Мьянманын чабуулу менен башталды. Мьянма айып аянтчага чейин жеткени менен, соккуга чейин жеткен жок.

19:33 Виталий Люкс сокку жасады, топ атаандашына тийип өтүп голго чейин бир аз жетпей калды.

19:35 Виктор Майер Мьянманын футболчуларын алдап өтүп, таамай сокку тепти. Гоо-ол! Эсеп 0:2.

19:36 Кыргыздар кайрадан чабуулда Виталий Люкстун соккусун дарбазачы тосуп алды.

19:37 Талаа ээлери гол киргизгенге шашылууда.

19:38 Мьянма оң канаттан чабуул жасап, таамай сокку менен эсепти 1:2 кылды. Кыргыз коргоочулары атаандашынын артынан жетишпей голду өткөрүп жиберди.

19:39 Мьянманын оюнчуларынын өзүнө ишеничи пайда болуп байма-бай чабуулга барууда.

19:41 Виктор Майер атаандашын жыгып сары айып кагазын алды.

19:42 Мьянманын чабуулдары жыйынтыксыз болууда. Ал эми Кыргыз футболчулары орто бөлүктө кайрадан кайра топту жоготууда.

19:43 Виталий Люкс атаандашынын айып аянтчасына чейин барганы менен сокку жасай алган жок.

19:44 Кыргыз курамасында алмашуу: Виктор Майер талааны таштады, анын ордуна Кайрат Жыргалбек уулу кирди. Павел Матяш топту узакка кармаганы үчүн сары айып кагазына ээ болду.

19:47 Мьянма футболчулары көпчүлүк учурда Кыргыздардын бөлүгүндө жүрүүдө. Чабуул жасоо аракеттерин Кыргыз коргоочулар токтотуп жатат.

19:48 Кыргыз футболчулар каптал сызыктан топту чыгарып, чабуул жасаганга аракет кылууда.

19:50 Кыргыздар чабуул жасап, бирок гол киргизе алышкан жок.

19:52 Мьянманын оюнчусу бутун кайрып алып көк майсаңга жатып калды. Мьянма курамасында алмашуу орун алары күтүлүүдө.

19:54 Мьянма командасы шашпай чабуулга барууда. Топту Кыргыздын айып аянтчасынан алыс кармоодо.

19:56 Кыргыздардын жана Мьянма командаларында алмашуу орун алды. Кыргыз курамасында Мирлан Мурзаев Антон Землянухиндин ордуна чыкты.

19:57 Кыргыздар чабуулга чыкты. Виталий Люкс топту көпкө кармаганга барууда. Мындан улам Мьянманын оюнчулары топту тартып алып, контр чабуулга өтүштү.

19:59 Кайрадан Кыргыз командасы чабуулга чыкты. Бирок Кайрат Жыргалбек уулу оффсайдда болуп калып топту Мьянма ойнотууда.

20:00 Мьянма чабуулга барып Кыргыздардын айып аянтчасына топту көтөрүп берген. Мьянманын оюнчусу башы менен сокку жасап аз жерден гол кирип кете жаздады. Павел Матяш өз ордунда.

20:01 Эдгар Бернхард Мьянманын футболчусун жыгып, сары айып кагазын алды.

20:03 Мьянма курамасында алмашуу орун алды.

20:04 Кыргыз курамасында дагы алмашуу болду. Талаа үстүнө Фархат Мусабековдун ордуна Азиз Сыдыков чыкты.

20:05 Мьянманын оюнчусу алыстан Павел Матяштын дарбазасына сокку жасады. Сокку таамай болбой дарбазанын үстүнөн өтүп кетти.

20:07 Кыргыздар атаандашынын дарбазасына жакындаганга аракет кылууда. Бирок ката кетирип топту атаандашына өткөрүп ийди.

20:09 Кайрат Жыргалбек уулу айып аянтчага Виталий Люксту көздөй көтөрүп берди. Бирок Люкс топту тосо албай, топ талаадан чыгып кетти.

20:10 Мьянманын чабуулу жыйынтыксыз бүтүп калды. Футболчулар таамай болбой жатат. Ал эми кыргыздар коргонууда мыкты ойношу керек.

20:13 Кайрат Жыргалбек уулу контр-чабуулга чыкты, аны атаандашы артынан жыгып салды. Калыс Мьянманын оюнчусуна сары кагаз көрсөттү.

20:15 Мьянма гол киргизгенге шашылып чабуул жасоодо. Кыргыз футболчулары чарчап калгандай, коргонууда бир топ ката кетирүүдө. Ал эми Мьянма футболчуларынын соккулары уламдан улам дарбазага жакын өтүп жатат.

20:17 Калыс 2-таймга 4 мүнөт кошту.

20:18 Мьянма командасы Павел Матяштын катасынан пайдаланып, тилекке каршы, эсепти 2:2 кылды.

20:20 Беттеш аяктады. Эсеп 2:2. Кыргыз жана Мьянма курамалары бул жыйынтык менен өз пайдасына 1 упайдан алышты.

Учурда "А" тайпасында Кыргыз футболчулары 4 упай менен 2-орунду Мьянма курамасы менен бөлүшүп келүүдө. Индия курамасы 3 турдун жыйынтыгында бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип 9 упайга ээ. Ал эми Макао курамасы атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып упайсыз келүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(29)
10.10.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан 1 гол урду
10.10.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZHYRGAl1412,айтып койчу
11.10.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клубу жок,практика жок кантип воротарь болмок эле
10.10.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы каналдан Корсо болот супер
10.10.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдан кортасынар
10.10.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу админ сураныч эмнеге аттары жок ойноп жатышат билсе болобу
10.10.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
doping1,жазып бергенге спонсор жок
10.10.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо онлайн алып берсенер болбойбу видео менен москвадан ктрк спорт коройун десек катып калып атат
11.10.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
doping1, Квалификацияда боло берет. Расмий мелдештерде аты менен чыгат
10.10.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Биздин команда ойной албайт экен
10.10.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doping1,2 голду сен соктунбу анан
10.10.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nargiza1987k,урдум ошол пайдасы жок голду
10.10.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга кыргызым!
10.10.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойной влбасада коргонсун эми 1-0 менен утсада болот
10.10.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мяньманын стадиону биздин стадионго караганда мин эсе ойдо го качан онугобуз деги ааа
10.10.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arawan,мьянмада 50млн калкы бар
10.10.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай караганда Кыргызстандын группасында кучтуу деле командалар жок экен.Жакшы оюн коргозуп,группадан чыкканга аракет кылса болгудай.
10.10.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-гол азаматсынар
10.10.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Мурзаев жокпу ?
10.10.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2:1
10.10.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан футбол ойносо эле псих болуп кетем озунчоле тренер сезип озуму
10.10.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2:2
10.10.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Матяш мешок.Мени кылгылачы дарбазачы
10.10.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шатррр этип эле коюп жибердиго Матяш аягында
10.10.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кээ бир оюнчуларды командасы жок деп коюптур,аларды эмне ошондо кочодон ээрчитип келип эле кошуп койгонбу ошондо? Болбосо командасы жок да оюнчу болобу?
10.10.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Best.bakyt,свободный агент орусча айтканда, клубдар мн келишими бутуп башка команда мн контракт тузо элек
Isco22 түзөттү 2017-10-10 20:47:20
10.10.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх Павел,Павел
11.10.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jergetal, doping1, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
11.10.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Тего жездем жок улуттук курамда?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: