super.kg logo

Орусия Кыргыздын түштүгүнө экинчи аскердик базасын жайгаштыруудан баш тартты

 

"Кыргыз бийлиги Орусия Федерациясына экинчи аскердик базасын жайгаштырууну сунуштады. Бирок Москва аскердик базалардын санын арттырууга кызыкдар эмес, учурда бир база бар, ошол жетиштүү", - деп Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин "РИА-Новости" маалымат агенттигине интервью берип жатып билдирди.

Карасин Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек арасына Орусиянын экинчи аскердик базасын жайгаштыруу боюнча Бишкек расмийлери менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр туурасындагы суроолорго жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты.

"Орусия башка белгилүү өлкөлөрдөн айырмаланып, өзүнүн аскердик базаларын дүйнөнүн баарына жайгаштырууну максат кылбайт. Биз сандардын артынан куубайбыз. Биз үчүн чет өлкөлөргө базаларды жайгаштыруунун зарыл болгон максатка ылайыктуу аныктоочу факторлору бар. Ал Орусия менен коңшу, союздаш мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо менен байланыштуу", - деди ал.

"Борбор Азияда Кыргыз, Тажик мамлекеттериндеги Орусиянын аскердик базалары аймактарда жаралган коркунучтарды жолго коюуга мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Орус тарап айтылган базалардын аскердик кубатын чыңдоого басым жасайт. Мындан тышкары биздин өнөктөштөрдүн аскердик күчтөрү менен биргеликте аскердик даярдоолорго, окутууларга көңүл бурулат жана инфраструктуралык шарттар жакшыртылат", - деп кошумчалады Карасин.

Белгилей кетсек, 2003-жылы сентябрь айында Орусия Кыргыз өлкөсү менен Кант шаарына аскердик базасын жайгаштыруу үчүн 15 жылдык келишим түзгөн. База Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында ачылган. 2012-жылы кабыл алынган келишим кайра каралып, аскердик базанын мөөнөтү дагы 15 жылга узартылган. Бул келишим быйыл 2017-жылдын январь айында күчүнө кирген. Келишимге ылайык, он беш жылдык мөөнөт менен 2032-жылга чейин орусиялык база Кыргыз өлкөсүндө ишин улантат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
11.10.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озунорду озунор шылдын кылып, ал жактан барып бир жалдырап бияка кедип бир жалдырап журо бергиле, баш аламандар!
11.10.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер АКШ аскердик базасын койуп алса, кызганып келип алат ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 12:53:06
11.10.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bazar,АКШнын базасын киргизбейт.РФ менен Кыргызстандын мамилеси бузулат,кирчи болсо.Аны РФ жакшы билет.Кыргызстан биздин кызыкчылыгыбызды ойлоп жатат.Бир чети РФнын базасы туштукто болсо,бир дагы коншу олколордун жарандары,Кыргызстандын чек арасына жакын даап келе албайт болчу.Туштук жагыбыз коопсуз болмок,коздун карегиндей корголуп.
11.10.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Drongo, Тушунбой эле орустардын чырагына май тамызбагылачы. Орустар Кыргызстанды Чеченстан Татарстандай кылып оз карамагына алганга аракет кылып атышат. Алардын президенттерин Путин шайлайт. Биз Орус саясатынан коз карандысыз улуттук кызыкчылыктарды тартышкан президентке мукташбыз.АКШ базасын туштуко которуп коюш керек болчу.
11.10.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jbolotov,АКШны киргизсе эгер биздин жерибизди полигон сыяктуу элестетип ар нерсе кылат. КАНТТА эле кандай кылды поляларга бензиндерин тогуп стребителдерин учуруп оюнчук дрондордой кылып,лучше Орусиянын базасы жакшы бизге кичине комок корсотуп жардам берип турат. АКШ барыбир АКШлыгын кылат да,кичине ойлонсонор. Орусия жакынбы бизгн же АКШбы
11.10.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23,Манаста де.
11.10.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov,мен сизге караганда эн сонун тушунуп турам.Орустардын чырагына май тамган жери жок,бул жерде.Кыргызстан эч качан Орусиянын карамагына кирбейт,кадырын жан болсун!Кыргыздар тарыхы улуу,улуту,намысы кучтуу калкпыз.
11.10.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияга муктаж болгондо биз калайбызбы калабайызбы жайгаштырмак туштуко кереги жок екен отказ кылды шалпайып сунуш кылып дагы баргыла сурангыла
11.10.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмне учун АКШ 60$ млн доллор толоп аткан базаны чыгарып Кыргызстан озу орус базасына акча толош керек? АКШ базасын туштук жака которсо деле болмокго. ЖККелишими боюнча Орус базасы кыргыз учун имиш, озубуздун армияны котормойунча эч бир мамлекет кыргыз кызыкчылыгы учун куйбойт. Орустарда гэополитика журуп атат Азияда биздин соз отот АКШ нын созу отбойт деген.
jbolotov түзөттү 2017-10-11 13:46:02
11.10.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят эл окемдер 2чи авиябазаны каалабаса деле кайра кайра сураган.КРга бир авиябаза жетиштүү өзүңөр деле ойлонуп анализ кылсаңар болот эле.
11.10.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
РФнын жогорку жактагыларында соз болгон,Кыргызстандын туштугуно база орнотуу жонундо.Ал кезде АКШнын базасы Кыргызстандан чыга элек болчу.
12.10.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керек эмес экен, керек болсо кыргыздардан суранып отурбай эле жук тагын алып келип жайгашып алмак, кыйналбайле койушса болмок келгиле деп. Россиянын базасы туштуктобу тундуктобу олконун ички жа коншу олколор мн болгон мамилерине киришпейт. Болбосо канчалаган чыр чыгып атат чек ара боюнча ун катпай эле журушот ко. Бащасы деле бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: