Нарында 5-класстагы окуучу кыз асынып алды
Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында 5-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 8-октябрда кечки саат 5:30дар чамасында болгон, окуучу кыз мончого кирип жоолугуна асынып алган. Ал ата-энеси менен эле турчу экен, үйүндө беш бир туугандын арасында жалгыз кыз болгон. Бизге бул тууралуу маалымат 9-октябрда келип түштү. Милиция кызматкерлери жерине барып иликтөө иштерин жүргүзүштү. Денесинде атайын келтирилген жаракаттардын изи болгон эмес. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ОИИБинин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-2

Жогорудагы кыз бирок откоол куракка жете элек экен, бирок конулу бирдемкеден улам ооруп, ушул жолго жнткирди болуш керек. Жайы бейиштен болсун....