super.kg logo

Жаш активисттер Аида Салянованы 5 жылга кесүү өкүмүнө каршы чыгышты

 

Бүгүн, 11-октябрда жаш активисттер маалымат жыйынында соттун Аида Саляновага карата чыгарган өкүмүнө каршылыгын билдиришти. Алардын бири Төлөн Турсуналиевдин билдиришинче, соттун чечими мыйзамсыз болду.

"Сот отурумуна өзүбүз да күбө болуп жаттык. Барбай калган учурда түз эфирден көрүп отурдук. Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамга таянып узарткан. Эгерде узартпай койсо, анын аракети мыйзамсыз болуп калмак. Соттук териштирүүдө Салянова тарабынан эч кандай мыйзам бузуу фактылар табылган жок. Ошого карабай сот аны камакка алуу чечимин кабыл алды. Биз буга сырттан карап тура албайбыз", - деди Турсуналиев.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталган. Кечээ, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылсын, өкүм анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирсин" деген өкүмдү чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.10.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироо 5 жылга кесилди десе эле каршы чыкканынар туура эмес. Активист болсон мыйзамды сыйла. Мен бийликтин жасаганын туура деп жатканым жок. Бирок, канчалаган куноосуз адамдар камалып кетип атат. А силер Салянова учун гана активист болбой, эч кайсы мансапка отурбаган карапайым эл учун активист болгула. Бул менин жеке оюм.
11.10.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп айтпасам бул бала Атактуу кишинин небересиби??? Ырчы болумуш болуп журду эле го. Эми активист болуп чыга келди?? Пиар и а Африке пиар
11.10.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умныйго озунчо эле
12.10.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулу 14 жашка чыкканда кучуно кирет дешти ошондо 12 жыл бар экен 12 жылдын ичинде эмне бар эмне жок чиновниктерге тан калыштын кереги жок бир кездерде соттолсо бийлик алмашса акталып баатыр болушат соттолгон адам кайра эле министр боло калат мисалы кезинде Куловта соттолгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: