super.kg logo

Жаш активист: "Сот Аида Саляновага акыркы сөз бербей, укуктарын чектеп койду"

 

Жаш активисттер Ленин райондук сотунун депутат Аида Саляновага карата чечимине нааразы болуп, бүгүн, 11-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын бири Урмат Майрамбек уулу соттук отурумда Саляновага акыркы сөз берилбей калганын белгиледи. Анын айтымында, ишти караган сот Кубанычбек Касымбеков Салянованын укуктарын чектеп койду. "Соттун чечими саясий буйруктун негизинде чыкканын көпчүлүгү билип эле турат. Сотто Салянованын укуктары чектелип жатканын эл түз эфир аркылуу көрдү. Кандай учур болбосун айыпталуучуга акыркы сөз берилүүгө тийиш", - деди Майрамбек уулу.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталган. Ленин райондук соту анын 2 жаштагы кызы болгондуктан ал 14 жашка чыкканда 5 жылга камакка алуу, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: