super.kg logo

Обончу Догдурбай Урманбетов аккордеончулардын Италияда өткөн фестивалынын дипломанты болду

 

"Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мугалими, обончу Догдурбай Урманбетов Италияда өтүп жаткан аккордеончулардын "Фисгармоника" 42-эл аралык фестивалынын дипломанты болду. Фестиваль Италиянын Кастельфидардо шаарында өтүп жатат", - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы.

Берилген маалыматка ылайык, аталган фестивалга Италия, Франция, Кытай, Бразилия, Орусия, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн 500гө жакын аккордеончулар катышууда.

"Д.Урманбетов фестивалдын алдынкы 30 аккордеончуларынын катарына кирди. Муну менен катар эле 2018-жылы Новосибирск шаарында өтө турган "Играй гармонь" аталышындагы 5-эл аралык фестивалга чакыруу алды", - деп жазылат маалыматта.

"Фисгармоника" фестивалы 9-сентябрдан 17-сентябрга чейин өткөн. 1976-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан бул фестиваль дүйнөдөгү аккордеончулар арасындагы эң престиждүү фестиваль деп эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: