super.kg logo

Бишкек шаардык Жылуулук электр борбору жыл өткөн сайын импорттук көмүрдүн ордун жергиликтүү көмүр менен алмаштырууну пландоодо

 
Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулу

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун көмүр кампасында 232 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Нурлан Өмүркул уулу маалымат турдун алкагында айтып берди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБинин кампасындагы көмүрдүн 34,5 пайызы сырттан алып келинген. "Учурда кампада жалпы 232 миң тонна көмүр бар болсо, анын 152 миң тоннасы жергиликтүү көмүр бассейндеринен казып алынган. Ал эми 80 миң тоннасы Казакстандан алынган импорттук көмүр. Жалпы эсепте күз-кыш мезгилдеринде 1 миллион тоннага жакын көмүр керек болот. Мындан ары күз-кыш мезгилдеринин аягына чейин көмүр график боюнча келип турат", - деди Нурлан Өмүркул уулу.

Ошондой эле директор жаңы модернизацияланган казан агрегаттар биздин жергиликтүү көмүргө ылайыкташтырылганын айтып, импорттук жана жергиликтүү көмүрдүн колдонулушу тууралуу кошумчалап айтып берди. "Жыл сайын чет өлкөдөн алынып келген көмүрдүн көлөмүн азайтып жатабыз, быйыл 450 миң тонна жергиликтүү көмүр болсо, 500 миң тоннасы импорттук көмүр болот. Кийинки жылы жергиликтүү көмүрдүн көлөмү көбүрөөк болот деген ишеничтебиз", - деди ал.

Эске салсак, 2011-жылы Казакстандан алып келинген көмүрдөн радиация чыккан. Нурлан Өмүркул уулу бул тууралуу төмөнкү жоопту берген. "Радиактивдүү көмүр деп чуу болгон Казакстандан келген көмүр учурда Өзгөчө кырдаал министрлигинин жардамы менен Бишкек ЖЭБинин аймагынан чыгарылып кеткен. Биздин маалымат боюнча ӨКМ Кара-Балта аймагындагы калдык төгүлүүчү жайга көчүрүп барган", - деп билдирди директор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: