super.kg logo
  Саясат  

Президенттикке талапкерлер соттор бийликке көз каранды экенин айтышты

 

Бүгүн, 11-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы теледебат уланууда. Бүгүнкү дебатка Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышууда.

Алгач талапкерлерге сот реформасы тууралуу суроо берилди.

Арстанбек Абдылдаев: "Сот реформасын ишке ашыруу үчүн саясий эрк жетпей жатат, бийлик түшүнүгү, адамзаттын аң-сезими жетпей жатат. Учурда соттор адамдын тагдыры менен ойноп жатат. Кыргызда сот болгон эмес, бата берүү болгон", - деген оюн айтты.

Өмүрбек Бабанов сот системин реформалоодо негизги 3 принцип болуш керек экенин айтты. "Сот системдеги адамдар атайын аттестат алыш керек. Сот адамдары уюлдук телефон сүйлөшүүлөр угууга макул болушу зарыл. Соттор ачык болушу кажет. Реформа үчүн саясий эрк болуп, сот бийликтен коркпош керек. Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүүнү сот реформасынан башташ керек. Бүгүн сот реформасы болгон жок", - деди Бабанов.

Улукбек Кочкоров: "Учурда бийлик сот системинин үстүнө минип алды. Сотту көз карандысыз кылыш керек. Элдик курултайды эң жогорку бийлик деп таанып, сотту элдик курултайга берүү зарыл. Кайсы соттун чечими жокко чыгарылган болсо, күнөөлүү адам аныкталып, аны жоопкерчиликке тартыш керек. Ошондой эле сот ачык-айкын болушу кажет. Ошондо сот адилеттүү болот", - деген пикирин айтты.

Таалатбек Масадыков өлкөдө сот системи жоктугун айтты. "Соттун бардыгын эң ылдыйкы деңгээлден башташ керек. Бүгүнкү күндө сотто иштер пара, акча менен чечилип калган. Демек, реформа болгон эмес, сот системин жаңыдан түзүш керек. Сот эгемендүү болушу зарыл. Сот бийликтин кол астында болбой, ачык-айкын болуш керек", - деди Масадыков.

Токтайым Үмөталиева: "Өлкөдө сот реформасы ишке ашпады. Учурда соттор саясий партияларга көз каранды. Кадр потенциалына көңүл буруш керек", - деди Үмөталиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: