super.kg logo
  Саясат  

Ажо болчулар коррупцияны жоюу жолдорун айтышты

 

Бүгүн, 11-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы теледебат уланууда. Бүгүнкү дебатка Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышууда.

Анын жүрүшүндө талапкерлер өлкөдө коррупцияны жоюу жолдорун айтышты.

Токтайым Үмөталиева: "Коррупция менен күрөшүү үчүн мыйзам иштеш керек. Бир туугандар бир системде иштебеши зарыл. Бүгүнкү күндө сынак аркылуу мамлекеттик кызматта иштөө унутулуп калган. Тандоо аркылуу кадр потенциалын толуктоо кажет. Кадрларды даярдамайынча коррупция жоюлбайт", - деп билдирди.

Таалатбек Масадыков: "Коррупция эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Бүгүн "ири пара алган адамды эл урматтайт, ал эми аз көлөмдө пара алган адам камалат" деген түшүнүк сиңип калган. Ушундай жаман ой-жүгүртүү түзүлүп калган. Мен коомду мындай ойдон айрылууга чакырар элем. Эмнеге биз өтө төмөн түшүп кеттик? Ой жүгүртүүнү өзгөртмөйүн, коррупция менен күрөшүү иши алдыга жылбайт", - деди Масадыков.

Улукбек Кочкоров: "Коррупция менен күрөшүүнү жогорку жактан баштоо зарыл. Коррупцияны мектептерден, бала бакчалардан издебеш керек", - деген пикирин айтты.

Өмүрбек Бабанов: "Коррупцияны жоюу кардиналдуу реформалардын бири. Президент сөз менен эмес, иште көрсөтүш керек. Баарыбыз билебиз, Грузия эң коррупциялык өлкө болчу. Бирок Михаил Саакашвили келип, реформа жүргүзүп, коррупцияны жойгон. Саакашвилинин жаңылышы - Орусия менен тил табыша алган жок. Кыргыз өлкөсүндө коррупцияны жоюуга мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Саясий эрк керек", - деди Бабанов.

Арстанбек Абдылдаев: "Ар адамдын ырыскысы бар. Кыргыздар касиети менен дүйнөнү башкара алат. Бул касиети менен улуттарды бириктире алат", - деп айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: