super.kg logo
  Спорт  

Пауэрлифтинг федерациясынын президенти өкмөттөн колдоо болбой жатканын айтты

 
Алымбек Рахимов
Бакыт Керимбеков

Ушул жылдын 2-октябрынан 7-октябрына чейин Швециянын Сундсвалль шаарында мастерлер арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Ага өлкө атынан 51 жаштагы Алымбек Рахимов (74 килограммга чейин) жана 56 жаштагы Бакыт Керимбеков (105 килограммга чейин) катышып келди.

"Мен мастерлер арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк чемпионатка бешинчи жолу катыштым. Акыркысы ийгиликтүү болуп, эки кичинекей күмүш, бир кичинекей алтын жана бир чоң алтын уттум. Негизги атаандаштарым Орусия, Норвегия, Швециядан барган спортчулар болду", - деди Алымбек Рахимов.

Ал эми Бакыт Керимбеков өлкөнүн пауэрлифтинг федерациясынын президенти. Ал 105 килограммга чейинки салмакта күчүн сынап, бир кичинекей күмүш медалга ээ болгон.

"Пауэрлифтинг олимпиадалык спорттун түрү эмес болгондуктан өкмөт тарабынан колдоо болбой келет. Мелдештерге өзүбүздүн акчабыз менен барып келебиз. Июнь айында Минскте өткөн дүйнөлүк чемпионатта Алымбек Рахимов машыктыруучусу, жардамчысы жок жалгыз барып, күмүш медаль алып келген. Бирок биз алтынды үмүт кылып жатканбыз. Мунусунда бир команда болуп барууну чечип, жеңишке жеттик", - дейт Бакыт Керимбеков.

Айта кетсек, пауэрлифтинг күчтү талап кылган спорт түрү. Анда штанганы жатып түртүү, жерден тартып көтөрүү жана ийинге коюп көтөрүү тапшырмаларын аткарыш керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.10.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмоттун колу шайлоодон бошобой жатат..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: