Ырчы Гүлжигит Калыков ата статусуна ээ болду
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлжигит Калыков уулдуу болду. Кубанычтуу кабарды SUPER.KG порталына ырчы өзү тастыктады.
"Уулубуз бүгүн саат 10:00дө жарык дүйнөгө келди. Буга чейин эч качан мындай сезимдерге туш болуп көргөн эмесмин. Сынактарда дагы мынчалык толкунданчу эмесмин. Сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым. Баламдын, жубайымдын ден соолугу жакшы. Уулубуз 3 килограмм 808 грамм салмакта төрөлдү. Ага ысым тандап койгонбуз, бирок азырынча айтпай турайын", - деди ырчы.
Эскерте кетсек, ырчы 4 жыл сүйлөшкөн сүйүктүүсү Айпери менен 2016-жылдын жай айында баш кошкон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
3
3

Супер-Инфо
super.kg видео
















эмгек синирген денен наамды албай койсон болмок уялып....
озун ойлосон эмгек синирдинби эмне....