super.kg logo

Экинчи аял алуу үчүн Нарындан түштүккө барган адамдын окуясын камтыган "Салам, Ош" тасмасы жарык көрдү

 

Кыргыз өлкөсүндөгү бардык облустардын жашоочуларын ынтымакка чакырып, биримдикке үндөгөн "Салам, Ош" тасмасынын бет ачары бүгүн, 12-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде болуп өттү.

"Салам, Бишкек" тасмасынын үчүнчү бөлүгү болгон комедия жанрындагы фильмге күбө болуу үчүн көптөгөн көрөрмандар келишкен. Тасманын жаратуучуларынын бири Нурбакыт Раззаковдун айтымында, бул кинокомедия эки аял алам деген мырзалардын да абалын чагылдырууга багытталган.

"Алгач драма жанрындагы тасма жараталы деп ойлогонбуз, бирок жакшылап ойлонуп комедия тартууну чечтик. Бул комедия элди ынтымакка чакыргандан тышкары 45-50 жашка чыгып, бул куракты каатчылык катары көрүп, экинчи аял алам деп жаткан мырзалардын абалын чагылдырат",- деп билдирди тасманын продюсери жана композитору Раззаков.

Тасмада роль жараткандардын 90 пайызы профессионал актёрлор, алар атайын сынактан тандалып алынган. Башкы каармандын ролун жараткан Канат Мамырканов комедия тууралуу буларга токтолду: "Тасма өзүмө абдан жакты, берилген ролду канчалык деңгээлде ачып бере алдым, аны көрүүчүлөр сындап, таразалап алат".

Комедиянын тартуу иштерине 4 айдай убакыт коротулуп, топтоштуруу иштери менен 1 жыл ичинде даяр болгон. Тасманын өзөгүн Нарындан Ошко экинчи аял алуу үчүн барган Улакчы аттуу адамдын окуясы түзөт. Ош жергесине барган Улакчы түштүктүк сулуунун тузагына илинип, ага алданып көчөдө калып, анын айланасында көптөгөн кызыктар коштолот.

"Фильмде Оштун элинин меймандостугу, кең пейилдиги да чагылдырылды. Алдыда масштабдуу, Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарын камтыган "Салам, Кыргызстан" тасмасын тартууну максат кылып жатабыз. Бул тасманы тартуу учурунда эң кыйыны - лөлү тектүүлөрдүн айылын куруу болду, бул чыгармачылыкты жана каражатты талап кылды", - деп билдирди комедиянын режиссёру Тынчтыкбек Бугучиев.

Тасма шаардагы бардык кинотеатрларда бүгүн, 12-октябрдан баштап көрсөтүлө баштайт.






Эркектерди ала жипти аттабоого чакырган "Салам, Ош" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
12.10.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо киносу качан чыгат жана дагы кино чыгарбай калдыныздар го аябай коргубуз келтат
13.10.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23, саламатсызбы! Азырынча кинотеатрларда көрсөтүлүп жатат. Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт.
Медиа-портал
15.10.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертерди дагы кутобуз чыдамсыздык менен алдын ала размат супер инфо,силер суперсинер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: