super.kg logo

БШКнын мүчөсү: "Бул шайлоодо мурдагыдай "карусель" ыкмасына, башка бирөөнүн ордуна добуш берүүгө жол берилбейт"

 

"Бул шайлоодо мурдагыдай "карусель" ыкмасына, башка бирөөнүн ордуна добуш берүүгө жол берилбейт", - деп Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева SUPER.KG`ге комментарий берип жатып билдирди.

Ал мурдагы шайлоолордо жол берилген мүчүлүштүктөрдү жоюуга болгон аракеттер жумшалганын айтты.

"Азыр шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактагандан кийин добуш берүү учурунда мурдагыдай эки жолу добуш бере албайт. Ар бир жарандын добуш берүүгө катышкандыгын тастыктаган маалымат автоматтык түрдө серверге катталат. Ал эми добуш берүү процедурасына киришүү биометрикалык маалыматта камтылган бармак издери аркылуу жүргүзүлөт. Бул башка бирөөнүн ордуна добуш берүүлөрдү чектейт.

Бул шайлоодо мурдагы шайлоолордо кетирилген мүчүлүштүктөргө жол берилбейт. Бардык добуш берүү процедурасы автоматташтырылган технологиянын жардамында ишке ашат. 2015-жылы шайлоодо бир жылчык бар болчу. Эгер компьютер шайлоочуну тааныбай калганда анын жеке номери аркылуу добуш берүүгө катыштыра берчү. Азыр бул да жокко чыгарылган", - деди Журабаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.10.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарандар өзүнүн шайлоо тилкесинен башка шайлоо тилкесине тизмеси түшүп калып жатканын кандай түшүнөбүз?

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: