Токмок шаарында немис тасмаларынын күндөрү өтөт
12-13-октябрда Токмок шаарында немис тасмаларынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Германиянын Кыргыздагы элчилигинен маалымдалды.
Берилген маалыматка ылайык, мындай иш-чара Токмок шаарынын шаар макамын алгандыгынын 150 жылдыгына карата уюштурулууда.
"Мындан бир нече жылдар мурун бул шаар Кыргыз мамлекетиндеги немис улутундагы азчылык жашаган борбор болгон. Азыркы убакта да аталган шаарда немис улутундагы жашоочулар бар", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, шаардагы "Космос" кинотеатрында "Летающий класс", "Жизнь других", "Точечка и Антон", "Дневники Оды" (Poll) тасмалары немис тилинде орус тилиндеги субтитр менен көрсөтүлөт.
Кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.