super.kg logo

Бийиктиктен шаарга назар салган "Бишкектин тумары" аттракциону ишке кирди

 

Бишкек шаарынын ортосунда жайгашкан Панфилов атындагы сейил багында бийиктиктен назар салуучу айланма дөңгөлөктүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чара кечээ,12-октябрда сейил бакта болуп, ага мэриянын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана парк жетекчилиги катышты.

Бул аттракционго ат коюш үчүн социалдык тармактарда сынак жарыяланган. Анда сейил бак жетекчилигине көптөгөн аталыштар сунушталып, алардын ичинен "Бишкектин тумары" тандалып алынган. Аны сунуштаган жеңүүчүгө аттракционго бир жыл бою бекер түшүү абонементи ыйгарылды.

Сейил бактын жетекчиси Дмитрий Петров маалымдагандай, бул долбоор демөөрчүлөр тарабынан ишке ашкан: "Аттракцион Орусиядан жасалып келди, коопсуздук маселесине көп көңүл бурулгандыктан орнотуу иштери бир жылдан ашык убакытка созулду. Жалпысынан долбоорго 40 миллион сом жумшалды. Бул шаар үчүн чоң белек, шаар тургундары жана коноктору ага аяр мамиле кылат деп ишенем", - деди ал.

Аттракциондун бийиктиги 50 метрди түзөт. Мурунку аттракциондон айырмаланып "Бишкектин тумарында" электр жарыгы, кондиционер орнотулган. Бийиктиктен шаарга көз салууну каалагандар андагы айнек менен тосулган ыңгайлуу бөлмөлөрдөн орун алат.

Эскерте кетсек, "Бишкектин тумары" орноштурулган орундагы мурдагы аттракцион 2016-жылдын февраль айында эскилиги жеткендигине байланыштуу реконструкциялоого берилген.

Айланма дөңгөлөк үстүндөгү кабинкага отуруп, шаарга көз салуу үчүн тургундар киши башына 100 сомдон төлөшөт.






"Бишкектин тумары" аттракциону

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
13.10.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооооло бийик го))
13.10.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Isco23,Ооло деле эмес Бостеридегиге жетпейт
13.10.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azat.97,мен тетирисин айттам
13.10.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ачылуу аземине АША келбедиби?
13.10.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАндын муну менен кандай иши бар
13.10.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйматго
13.10.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bolunbo.kyrgyz,баткенденсинби
13.10.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Isco23, флуддабаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: