Бажалар аялды зордуктап, өлтүрүп салышкан. Сот аларды өмүр бою эркинен ажыратты



Жакында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аялды күч колдонуп зордуктап, андан кийин сабап өлтүргөнгө шектелип кармалган 2 жаранды күнөөлүү деп таап, аларды өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Белгилүү болгондой, аялды зордуктап, өлтүргөндөр бир тууган бажалар болгон.
Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасынын кызматкери Бакыт Доктурбеков: “Аял катуу соккулардан улам эс-учун жоготуп койгондо, көчөдөн ары-бери өткөн адамдар көрүп калбасын деп аны экөөлөп 30 метрдей ары сүйрөп барышкан. Ал жерден дагы зордуктап жатышканда аял эсине келип каршылык көрсөткөн. Экөөлөп аны дагы сабашкан”, - дейт.
Иликтөө материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№780, 13-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.
кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №780-жаңы санында...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:33
2025-06-20
10:26
2025-06-20
16:24
2025-06-13
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.