super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү жана илим министрлиги: "Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 2 кыз жанын кыйган" деген маалымат туура эмес"

 

Айрым ММКларда жарыяланган “быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу эки кыз жанын кыйган” деген маалымат жалган экенин Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Бул багытта министрлик Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белековдон төмөнкүдөй мазмундагы билдирүү алган: “Нарын районунун Учкун айылында 20-майда каза болгон кыздын тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок. Себеби, ал 10-класстын окуучусу. Мектеп тарабынан бул окуяга түрткү болуучу эч кандай жагдай болгон эмес. Укук коргоо кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө кыздын атасы окуяга мектептин күнөөсү жок экендигин айткан”. Ал эми Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы №10-орто мектептин бүтүрүүчүсү боюнча учурда Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: