super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: "Бала кезде туулган күндө жумуш жасабаш керек деп ойлочумун" дейт 45 жашка толгон Алтынбек Максүтов

 

Бүгүн, 13-октябрда режиссёр, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов 45 жашка толду.

Жалпы калкка "туулган күнүм" деп жар салгандан азыраак тартына тургандыгын айткан режиссёрдун бүгүнкү күнү жергиликтүү телеканалдардын бириндеги түз эфирге конок болуу менен башталып, көрүүчүлөрдүн куттуктоосуна арзыган.

"Түнү саат 12ден өткөндөн кийин апама чалып, мени бул дүйнөгө алып келгендиги үчүн ыраазычылык билдирдим. Менин чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө, ийгиликтүү иштерди алып барышыма апамдын салымы чоң. Атам кайтыш болуп кеткен, мындан улам апамдын ден соолугун, өмүрүн тилейм", - дейт Максүтов.

Бүгүн демейдегидей эле жумушка келип, маданият тармагындагы иштердин аткарылышына салым кошуу менен алек болуп жатканын белгиледи.

"Мен үй-бүлөдө улуу бала болгондуктан туулган күнүмдү жыл сайын белгилечүбүз. Бир жолу дагы эртең менен туруп ата-энем менен базарга барып кумшекер жүктөп келдик, кап көтөрүп аябай жумуш жасадым. Келе жатып туулган күнүм экенин эстеп кеттик, ата-энем мага туулган күнүмдө жумуш жасатып койгондой сезип, өзүмчө ыза болгон элем. Эмнегедир бала кезде туулган күндө жумуш жасабай эркелеш керек деген түшүнүк бар эле", - дейт ал.

45 жашка толгон режиссёр алдыда көптөгөн маданий иш-чараларды өткөрүү менен алектене тургандыгын кошумчалады. Атап айтканда, Ысык-Көл облусунда курулган этношаарчанын жана амфитеатрдын ачылыш аземин өткөрүү, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери мерчемделген. Мындан тышкары өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чаралардын, концерттердин нугун жаңычылдыкка бурууга жеңди түрүп киришерин белгиледи.

13-октябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
13.10.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин уй булодо да ошондой салт бар эле. туулган кунундо иш кылбай эркелучу элек. Азыр каякта, жаттын дегиче анакондам келип ушундай лекция окуйт, баарын жыйыштырып коюп ишке жонойсун. Атанын кулагы.
14.10.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ministirlikten beker ketkenda mykty ishtep atkan
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: