super.kg logo
  Спорт  

Мектепти жаңы аяктаган легендарлуу футболист Жорж Веа Либериянын президенти болушу мүмкүн

 

Легендарлуу футболист, 1995-жылдагы "Алтын топтун" ээси Жорж Веа Либериянын президенти болуу алдында турат. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек, бирок азыркы таптагы көрсөткүчтөргө ылайык, ал атаандаштарынан алдыда келе жатат. Көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары 51 жаштагы легендарлуу чабуулчуну өлкөнүн президенти болот деп жазышууда.

Жорж Либериянын борбору Монровияда жарык дүйнөгө келген. Чабуулчу "Монако", "Пари Сен-Жермен", "Марсель", "Милан", "Челси" футболдук клубдарында ойногон. 1990-жылы дүйнө жүзүндөгү эң мыкты оюнчулардын катарына кирген.

Кирешеси ири сумманы түзгөн Веа дайыма кайрымдуулук иштерине активдүү катышып келет. Муну менен катар ал Либерияга болгон кайдыгер эмес мамилесин футболчу гана эмес, жеке жаран катары да көрсөтө алган. Анын бул аракеттери өз мекенинде болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген.

2005-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, жыйынтыгында президент болуп шайланган Жонсон-Серлифтен кийинки көп добушту топтогон.

2017-жылы президенттикке аттанардын алдында футболист спорт үчүн таштап койгон орто мектепти аяктап, андан соң Флоридада жайгашкан колледжге окууга тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.10.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
А биздин жуарымбектерден коп иш кылыптырда.) Молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: