super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүндө туулган Дмитрий Бивол бокс боюнча Дүйнө чемпиону аталды

 

Кыргыз өлкөсүндө туулган мушкер Дмитрий Бивол профессионалдуу бокс боюнча 79 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Дмитрий буга чейин убактылуу чемпиондукту алып жүрүүчү жана чемпиондукка эң биринчи талапкер болгон.

Ассоциациянын президенти Жилберто Мендоса кабарлагандай, 26 жаштагы мушкердин чемпион болушуна Андре Уордун спорттон кетиши жана Баду Жеканын титулдан баш тартуусу себеп болгон.

4-ноябрда Бивол Монакодо Трента Броадхерст менен беттеш өткөрөт. Бул титулду коргоо үчүн алгачкы беттеш болот. Беттештин жеңүүчүсү 120 күндүн ичинде рейтингде эң алдынкы орунда турган мушкер менен беттеш өткөрүшү зарыл.

Айта кетсек, мушкер 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. 6 жашынан баштап бокс менен машыга баштаган. Кыргыз жеринде төрөлүп өскөн мушкер 15 жашында Орусияга көчүп кетип ошол жактын жарандыгын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.10.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргыз болуп туулган адам, кыргыз бойдон калышы керек.
13.10.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда мындай денгээлге жетеалбайт
13.10.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ali-han, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлерди атайын дарекке жибериңиз. Эскертүү!
13.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун атасы кыргызбы же апасыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: