super.kg logo

Сириядагы террордук топтордун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргыз жерине террордук акт уюштурууга келген деп шектелген жаран кармалды

 

Сириядагы террордук топтордун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргыз жеринде террордук акт уюштурууга келген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары кармалган 1980-жылы туулган У.А. аттуу Кыргыз жараны 2015-жылы "Ахрар аш-Шам" террордук уюмуна мүчө болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Ошондой эле ал Сирияда жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп, "жихадизм" боюнча сабактарды өтүп, эл аралык террордук топторду адам ресурстары менен камсыздап турган.

"Кыргыз жерине эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген. Азыркы убакта кармалган У.А. террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар экендигин моюнга алды", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.10.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу арандан турган кыргыз элиме жериме тийбегиле....Кудайым озу элимди,жеримди суук коздордон,создордон сактасын.Жана жаман ниетте арабызда жургон,сырттан кирип келе жаткан кара ниеттерди кудайым озу жазасын берсин Оомин.
13.10.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энебиз тогуз ай кыйналып которуп, толготуп анан тороп, ал балам эч нерседен кем болбосун деп кийинтип, ичинтип, мектепке окутуп, оз жандарын кара жумушка салып иштеген байкуш ата эне балам балам дейт, ал эми бул баланын кылганын карача. Оз ата энесин ойлобогон адам анан кыргызстанды ойломок беле. Журогубуздон ар дайым бир нерсе чыкпашы керек, ар бирибиз Алла Тааламдын алдында жооп бере турган кунубуз келет.ойлонгулачы суранам бир нерсе кылаардан мурун элим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: