super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы көз карандысыз кыймыл”

 

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылынын президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго эч кандай тиешеси жок”, - деди бүгүн, 13-октябрдагы маалымат жыйында экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Айтымында, кыймылдын мүчөлөрү коомдо кадыр-баркы бар адамдар. “Бул кыймылдын мүчөлөрү өздөрүнүн көз карашын айткан жарандар. Булардын бирөөсүн дагы сатып алуу мүмкүн эмес. Мисалы, биз "Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы туура эмес" деп айтып келгенбиз”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле Жээнбеков аталган кыймыл шайлоодон кийин анын жыйынтыгына өз баасын бере турганын айтты.

Эске салсак, “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы 12-сентябрда түзүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков жана башкалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: