Бишкек шаарында жылуулук 17-октябрдан тартып бериле баштайт
Бишкек шаарында жылуулук 17-октябрдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жылуулук берүү боюнча өткөрүлгөн жыйында Бишкек жылуулук ишканалары күзгү жана кышкы мезгилге толугу менен даяр экендиги айтылды. Жыйындын жүрүшүндө жылуулук берүү боюнча маселе каралган.
"Кыргызгидромет агенттигинин маалыматына ылайык, 18-октябрда абанын температурасы 1 -3 градуска төмөндөп, жаан жаашы күтүлүүдө. Мындан сырткары жаан карга айланышы ыктымал. Мындан улам көп кабаттуу үйлөргө, мекеме, ишканаларга жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Алгач жылуулук мектептерге, бала бакчаларга ооруканаларга жана социалдык мекемелерге берилет. Кийинки кезекте турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

