super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөргө" барчу жолду тоскон митингчилер менен жолугушат

 

ЖКнын 29-майдагы жыйынында депутаттар “Кумтөргө” байланыштуу Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан митингди талкуулашты. Депутат Талантбек Узакбаев “ал жакта абал оор, бул маселени чечиш керек” десе, эл өкүлү Каныбек Иманалиев туристтик мезгил башталгандыктан, митингдин терс таасири тиерин айтып, бул маселени жакынкы арада чечүү керектигин белгиледи. Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт менен биргеликте бул маселени чечерин айтты. “Өкмөттүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошондой эле Ысык-Көлгө бара турган депутаттарды аныктоо керек”,- деди төрага.

Эске сала кетсек, 27-майда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары 13 талап менен "Кумтөр" ишканасына кетчү жолду тосуп алышкан. Талаптардын бири - аталган аймакка оорукана куруп берүү. Себебин жергиликтүү жашоочулар “Кумтөр” ишканасы аймактагы элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат" деп түшүндүрүшкөн.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: