super.kg logo

250 жеринен сөөгү сынып, төшөктөн тура албаган 18 жаштагы казакстандык жашоочу өз алдынча каражат табууну үйрөндү

 

18 жашка чыкканга чейин 250 жолу сөөгү сынган казакстандык Аскар Жангазин аттуу жаран төшөктөн тура албагандыгына карабастан өз алдынча каражат табууну өздөштүрдү. Аскардын тагдыры тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, Аскар үй-бүлөсү менен Усть-Каменогорск шаарында насыяга алынган батирде жашайт. Майда сыныктарды кошкондо Аскардын сөөктөрү 300 жеринен сынып, бир канча оор операцияларды башынан өткөргөн. Дүйнөдөгү көптөгөн ооруканаларда жатып өмүрүнүн көп бөлүгүн өткөргөн Аскар моралдык жактан сынып, чөгүп кетпешине ата-энесинин колдоосу себеп болгонун айтат.

"Менин оорум менен жашоо абдан оор. Сөөктүн жетилбегендиги деген дарт (сөөктүн морттугу) - ар бир кыймыл сайын тобокелге барасың, анткени кыймылдаган сайын сөөктөр сынып кетиши мүмкүн. Мисалы, мен клавиатураны басып жатып сөөмөйүмдү сындырып алгам. Эки жыл мурун тамак жеп жатып 2 жолу жаак сөөгүм сынган. Эми мен буламык эле жеп калдым. Кабырга, бут, кол, акырек, айтор омурткамдан башка сөөктөрдүн баары сынган. Отура албайм, жакындарымдын жардамысыз кыймылдай албайм", - дейт ал.

Анын сөөгү айнек сыяктуу өтө морт болгондуктан өз алдынча компьютерде гана иштей алат. Үй-бүлөсүнө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга кам көргөндүгү үчүн жөлөк пул төлөнбөй калгандан кийин ата-энесине жардам көрсөтүүнүн жолдорун ойлонуштура баштаган. Анын негизинде бир тууган агасы экөө сайттарды түзүүнү үйрөнүшкөн.

"Майыптыгым үчүн 68 миң теңге берилгени менен, айына дарыланууга 70 миң теңге коротулат. Организмде кальцийди кармап туруу үчүн күн сайын дары каражаттарын ичем. Агам веб-дизайн түзүүнү үйрөттү. Эми мен интернет сайттарды түзүп, код жазганды үйрөндүм. Ата-энеме жүгүмдү артпай өз алдымча каражат табууга бел байлайм", - деген Аскар ага өзү баштаган жумуш абдан жага тургандыгын, жумушка алаксыганда көкүрөгүн ээлеген көйгөйдү унутарын кошумчалаган.

"Ал өзүнүн жашоосунун маанисин издей берет. Эмне үчүн мындай азаптуу оору берилген деп кейип калат. Ал ар дайым өзүн өнүктүргүсү келип көп окуйт. Чынында кичинекей чагынан тартып өзгөчө эс тутумга ээ. 4 жашынан баштап окуганды, жазганды үйрөнгөн. 2 жолу гимнди угуп дароо жаттап алган. Сүрөттү да мыкты тартчу. Анын сөөктөрүнүн ар бир сыныгы менин жүрөгүмдө так болуп калат", - деп айткан апасы Гүлжамал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
14.10.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Эх ата-энесине куч кубат берсин Аллах! Анча мынча колу буту соо, зордукчу адам сымалдарда караганда жашоого умтулуусу жакшы экен. Аллах балага да куч кубат бер.
14.10.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Аллахым шыпаасын берсин!!!
Айыгып кетсе экен, бул макаланы окуп жана эле, болбогон нерсеге наалынып атканыма уялып кеттим.Алты саным аман, ден-соолугум Кудайга шугур, дагы эмнеге нааразы болушум керек!!!
Канчалаган кыйынчылыктарга майтарылбай курошуп жаткан, бул инсан,мага окшогондорго стимул бергидей экен.
14.10.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
narime,эн мыкты
14.10.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шыпасын берсин
14.10.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаасын бер бул баланын
14.10.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым шыпаасын берсин,ушундай оорулардан сактасын.Супер инфо ушул оору жонундо маалымат бериниздерчи эмне себептен келип чыгат кантип алдын алыш керек бул болочок энелер учун керек болсо керек деп ойлойм
14.10.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ээ кудай сага мин шугурлор айтсам аздык кылат баардык мучом аман
Yiman97 түзөттү 2017-10-14 15:41:00
14.10.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым куч кубат берсин
14.10.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах куч кубат бере кор оорубай тез айыгып кет
14.10.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахка чексиз шүгүр!Мен да уялып кеттим.Наалыганым үчүн ((
14.10.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ойлонуп,наалып жаткам,бул баланы коргондо кадимкидей чыйралдым.
Биз болбогон нерсеге нааразы болот экенбиз.
14.10.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыы болуп кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: