Каттоо кызматы көчмө урналар менен добуш берүүдө маселелер жаралганын моюнга алды
Көчмө урналар менен добуш берүүдө убактылуу маселелер жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн мындай 3 факты катталган.
"Аталган маселелер операторлордун катачылыгынан улам келип чыкты. Бирок ал тоскоолдуктар бар болгону 10-15 мүнөттөй эле болду, ашып барса жарым саатка чейин созулду. Бирок ал маселелер дароо чечилген, учурда баары жакшы иштеп жатат", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, көчмө урналар аркылуу шайлоо участкасына келе албаган жарандар: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, шайлоо күнү ооруканада дарыланып жаткандар жана абактагы адамдар добуш беришет. Бул көчмө урна менен шайлоо күнүнө чейин бир күн мурун добуш берүү жүргүзүлөт. Ал эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин уланат. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн жарандар алдын ала кагаз түрүндө арыз менен кайрылуусу керек.
Ошондой эле аталган мекемеден көчмө урналар аркылуу 22 миңден ашуун адам добуш берерин билдиришти.






1 |