super.kg logo

Коңур күзгө сүрөттөр аркылуу көз салабыз (фото)

 

"Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн", - деп акын Жылдызбек Турсунбеков жазгандай, айлана сары-кызыл тартып, күз өз өкүмүн сүрүүдө. Шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар өзүнүн жаз, жай мезгилдериндеги түсүн өзгөртүп, Күндүн нурларына чагылышып, айлананы өзгөчө көрккө бөлүп турган чагы. Аста соккон сыдырым жел ар бир жалбыракты сабагынан үзүп, акырын термелтип жерге түшүрөт.

Күз - жылдын өзүнчө бир кереметтүү мезгили. Күндүн табы кайта түшкөнү менен, жан дүйнөнү өзүнчө ойго салган керемет кооз жаратылышты тартуулайт. Шаардын бир канча жеринде жайгашкан сейил бактар күн өткөн сайын түркүн түскө - сарыдан кызылга, кызылдан күрөңгө кулпуруп барат.

Бирде кабагын салып жамгырын нөшөрлөтсө, бирде асман чайыттай ачылып Күн жылмайган күз токчулуктун да мезгили. Ушул мезгилде түшүм жыйналып, мөмө-жемиш бышып, айтор кыргызда айтылгандай, ак төөнүн карды жарылган учур.

SUPER.KG. порталы борбор калаадагы күздүн көрүнүшүн сүрөткө алды. Көптөн бери өз өлкөңүздүн бул мезгилине күбө боло элек болсоңуз бул сүрөттөр сагынычыңызды жазсын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.10.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оооооох шайлоодон башка да жанылык болот экен ее кудайга шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: