super.kg logo

Тарых музейиндеги белгисиз кыздын мумиясы Баткенде жерге берилди

 

Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия бүгүн, 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлду. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги буга чейин ал мумияны жерге берүү чечими чыкканын маалымдаган.

Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн.

Мумияны жерге көмүү иш-чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар катышты. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык. Тарыхчы, археолог жана илимпоздордун арасында бул чечимге каршы болгондор көп.

Буга чейин аталган министрлик мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалаган аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
14.10.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Мынча кыйнадынар соокту
14.10.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Аябай жакшы болуптур. Жаткан жери жайлуу болуп топурагы торко болсун. Кыргыз элибизге, Кыргызстанга береке келип, жакшылыктар аркаласын. Ушул соок жерге берилсе кыргызымдын жолу ачылат дешти эле чын эле ошондой болсо экен. Аллахым ыраазы болсун Кыргызстаныбыздан.
14.10.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мумия деген толук тушундурмосу кандай маалымат берип койгулачыы?
14.10.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
sharolli,олгон адамдын катырылганы. Жаныбарларды чучила дейт. Адамдарда мумия. Ленин мумияга кирбейт. Мисалы гипс же ошогр окшогон химиялык кошулма менен катырылган адамдын соогун мумия дейт
Tyty1990 түзөттү 2017-10-14 20:53:10
14.10.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мумия кишинин эле соогу. Чирибей калган, чиритбеген каражаттар менен кошо комулгон. Ислам динине каршы келет соокту сактаган.
14.10.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошо комгуло деп ар кимдин тушуно да кирип атат деп уктум эле комбосонор жаман болот деп
14.10.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошондо олкобуздо болуп жаткан кырсыктар жана башка козго жакын эмес окуялар ушул мумиянын кесепетинен деп ойлойсуздарбы?
14.10.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
churagum,Болушу мүмкүн деп ойлойм
14.10.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
аябай жашы иш кылыпсынар арбагы ыраазы болот айтаар элем оштл окмуштууларга оз бир тууганы олсо ошону жерге бербей мумия кылып изилдейт беле? биз музейге колго жасалган тарихий буйумдарбы коройлу байкуш бир адамдын соогун корбой адамдын соогун жерге бергени эла он
15.10.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы иш болду а то тарых музейинде орт акыркы убакыттары коп болуп калды элего
15.10.2017. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шейит болуп киши колдуу олгондор чирбейтдеп уккам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: