super.kg logo

Ырчы, "Фабрика" тобунун экс-солисткасы Сати Казанова турмушка чыкты

 

"Фабрика" тобунун экс-солисткасы, ырчы Сати Казанова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялады.

Белгилүү болгондой, ырчынын күйөөсү италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццо. Бир жылдан ашык убакыт Сати жеке жашоосу тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келген. Август айынын аягында, ырчы сүйүүсүнө жолукканын жана анын жанында өзүн бактылуу сезип жаткандыгын айтып, жакынкы арада турмушка чыгарын маалымдаган.

Ырчынын сүйүктүүсү Туринде жашайт. Шоу-бизнестен алыс адам. Жаш жубайлар үч үлпөт той өткөрөрүн айтышкан. Эң алгачкы үлпөт тою ырчынын Кавказдагы туугандары үчүн, экинчиси Москва шаарындагы достору үчүн, үчүнчүсү Стефанонун Туриндеги туугандары үчүн өтөт.

14-октябрь күнү жаш жубайлар Кавказ улуттук кийимдерин кийип, ал жактын салты менен той өткөрүштү. Тойго ырчынын бардык жакындары Фиагдон шаарына чогулушту. Стефано Сатинин ата-энеси жана жакындары менен мурда эле таанышып жакшы мамиле түзгөнгө үлгүргөн: "Сүйүктүүм менен ата-энем мурдатан эле тааныш болчу. Стефано орус тилин үйрөнүп жатат, жакында анын ата-энесин конокко чакырып Кавказ жерин жана каада-салтын көргөзөлү деп жатабыз", - деп билдирген ырчы.






Сати Казанова турмушка чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.10.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 toi awyk4a 4ygym
15.10.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syn4y,Сати учун норм элего менимче ))Болсо кыла беришсин,биздин карапайым Кыргыздар канча чыгым кылып жатат ,кредитке гана алып
)).А бул Сатинин куйоосу художник экен ,бир-эки картинасын сатса эле болгону...
16.10.2017. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: