Бишкекте биринчи жолу президенттин Кубогу үчүн шахмат боюнча балдар арасында мелдеш өтөт
1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого карата Бишкекте биринчи жолу КРнын
Президентинин Кубогу үчүн шахмат боюнча балдар арасында мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара 29-31-май күндөрү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Мелдешке 8-12 жаштагы шахматчылар катышып, алар швейцария системи боюнча 9 турдан ойномокчу. Өлкө башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, Билим берүү фондунан бул иш-чараны өткөрүү үчүн тиешелүү өлчөмдө каражат бөлүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















