"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Тышкы иштер министрлиги: "Казакстандагы Кыргыз жарандары Алматы жана Астана шаарларынан добуш беришет"
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиялары тууралуу төмөндөгүдөй билдирүү таратты.
"Казакстандагы Кыргыз жарандары Алматы шаарындагы башкы консулдуктан жана Астанадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөн добуш берсе болот. Бүгүн саат 10:00гө чейин Орусия Федерациясы (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург), Япония, Корея, Кытай (Пекин, Гуанчжоу), Малайзия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги шайлоо комиссиялары ачылды. Чет өлкөлөрдөгү консулдук учётко турган, биометрикалык каттоодон өткөн гана Кыргыз жарандары шайлоого катыша алышат", - дешти алар.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө "Казакстандагы Чымкент шаарында канча базар болсо, ал жерде иштегендердин 50 пайызы кыргыздар. Казакстандын ар бир облусунда мигранттар бар. Көбү бүгүн добуш бере алышкан жок. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө иштеген мигранттарга, шайлоого добуш берүүгө шарт түзүп беришкен жок. Миллиондогон Кыргыз Республикасынын жарандары добуш бере албай калабы?" - деген билдирүүсүн жөнөткөн.


Силер эшек такалап отурасынарбы?!! Ойлонбойсунарбы Тараз менен Шымкентте жашаган мигранттар Алматыга бармак беле деп?!! Ал 2 шаарда да толтура кыргыз жарандары иштеп жургонун башкалар больосо да силер билишинер керек эле го?!! Ким 500-600 км жол журуп добуш берип келмек эле?!!
Туркияда да болгону 2 шаарда шайлоо участкасы бар... Стамбулдун 2 жэжгине бирден шайлоо участкасын ачуу колунардан келбедиби?!!
Москвада болжолдуу 200миндей шайлоочу мигрантарыбыз бар. Эмнеге ошончо шайлоочуга болгону бир шайлоо участкасы?!! Мигранттар эмнеге форма2 толтурушу керек?!! Шайлоочу бир эле участоктон добуш берип, "карусель" токтосо, форма2 толтуруунун зарылчылыгы канчалык?!! Мына сурап отурушат биз шайлоого катыша албай калдыкпы деп?!!