БШКнын төрайымы айрым участкаларда автоматтык эсептөөчү урналарды алмаштырууга эмне себеп болгонун айтты

Кыргыз Республикасынын аймагында 4 шайлоо тилкесинде автоматтык эсептөөчү урналар стационардык урналарга алмаштырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
“Жалпысынан шайлоо тынч өтүп жатат. Буга чейин техникалык себептерден улам бир аз тоскоолдуктар болду, бирок тез арада жоюлду. 4 добуш берүү тилкесинде автоматтык эсептөөчү урналар стационардык урналарга алмаштырылды. Бул нерсенин себеби - 2 талапкер тизмеден чыгарылыш керек болчу. Мен бул урналарды алмаштыруу талаш жаратпайт деп ойлойм, анткени ал жерде байкоочулар көзөмөл кылууда. Бул нерсеге байкоочулар тарабынан каршылыктар болгон жок”, - деди Шайлдабекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nemo2016

15.10.2017. 12:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров президент буйруса калганы бири атамбайевти коргош учун бири бизнесин алдырып жибербоо учун президенттике ат салышып жатышат деп ойлом
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.