Кезекке турган студенттер, тыкыр текшерүүгө алынган окуу жайларындагы шайлоо тилкелеринен фоторепортаж

























Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз жеринде президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө аймагында шайлоо тилкелери эртең мененки саат 8ден тартып иштей баштады.
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында да шайлоо тилкелери ачылган. Азыркы тапта добуш берүү үчүн студенттердин кезекке турганын көрүүгө болот. Окуу жайлардын имараты коопсуздук кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынып жатат.
Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы КУУда жайгашкан №1060-шайлоо тилкесинин төрагасы Болотбек Байысов шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп: "Биздеги кошумча шайлоо тилкесине 3376 жаран форма 2 толтуруп катталган. Учурда алардын 1230у шайлап кетти. Азырынча көйгөй чыга элек. Шаар боюнча эң көп шайлоочулар бизге келүүдө", - деди.
Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенти Айдай Жумакенова: "Мен биринчи жолу добуш бердим. Тейлеген адамдардын мамилеси орой экен. Билбегендерге сылык үйрөтпөй жатышат. Форма 2 толтургам. Калган жагы жакшы эле экен", - деп добуш бергенден кийин оюн айтты.


Мадумаров эл арасынан коп добуш алып, оозуп чыгат алдыга, буюрса.
А бирок бийлик тарабынан добуштарды кыскартып отуруп, откорбой коюусу турган эле кеп!
Мумкун бирок калган 4 облустар такыр эле колдобойт билип койгула
Окурмандар, нервинерди тынчтандырып, Сабыр кылып туралы! Буюрса Мадумаров КР Президенти болуп калса менден телинерге бирдик)
Мадумаровду шайлаган студенттерди бийлик, ректоратын окуудан айдай албайт.. Коркутса эле корко бересинерби?!! Жаш бала эмессинер го?!!....