super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Омск шаарында шайлоо тилкесинин жоктугунан 2 миңдей кыргыз добуш берүүгө катышпай калды" дейт окурман

 

"Омск шаарындагы базарда соода кылгандардын 60 пайызга жакыны Кыргыз жарандары, бирок эч ким президенттик шайлоого добуш бере алган жок", - деп маалымдады бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталынын окурманы WhatsApp аркылуу.

"Мисалы, биз бир үйдө 5 бир тууган кыргыздар жашайбыз. Бешөөбүз тең шайлоого катыша алган жокпуз. Анткени бизге буга чейин эч кандай маалымат берилген жок, шайлоо тилкеси да ачылган эмес", - деп жазат окурман.

Ал маалымдагандай, кыргыздардын көбү базарда, курулуштарда иштеп саны 2000ден ашат.

"Базардагы мекендештерибизден эч ким шайлоого барган жок. Буга себеп шаарга шайлоо тилкесинин ачылбагандыгы жана маалыматтын жетишсиздиги, учурда биз күндөгүдөй эле базардагы жумушубузду улантып жатабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Омск шаарындагы кыргыздар шайлоого катыша алган жокпуз

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.10.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик мигранттарды шайлоого катыштырбоого далалат кылды десем факты сурайсынар... Мына Омск, Самара, Кемерево, Новокузнецк ж.б.Россиянын бир топ ири шаарларында коптогон шайлоочу мигрант мекендештерибиз шайлоого катыша албай отурат, анткени ал шаарларда шайлоо участкалары ачылган эмес. Шайлоо участкалары ачылган шаарлар эн жакын болгондо 200-300 км. Ошол эле корунуш Казахстандын Шымкент, Тараз шаарларында, Туркиянын Измир, Анталья шаарларында....
15.10.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал аздай 200 миндей шайлоочу мигрант бар Москва шаарында 1 гана шайлоо участкасы ачылган. Ага да форма2 толтургандар гана кире алат.... Эмнеге мигранттарга ачык бут тосуулар болууда?!! Мигранттардын шартын эске алып форма2ни жою керек болуучу, шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде отуп жаткан сон.....
15.10.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоо участкалары ачылмак турсун, эч кандай 6-ты айдан бери, суроо талапчасын жургузгон жок шайлоо боюнча.Мен жон гана уйдо олтурам, ал эми мекенимде шайлоо журуп жатат.Озубузго татыктуу президент шайлай албасам, анда мен кандай жаранмын!!!
Чет жактагылар мониторду сагалап олтурабыз, тонкорушу жок тынч шайлоо, отуп кетсе экен деп.Бизге окшогон канчалаган мигранттар эсепте саныбыз бар боюнча калып кете беребизби?
15.10.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уже болбой калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: