super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ТИМ: "Орусиядагы Кыргыз жарандары 6 шаардан гана добуш бере алышат"

 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар 6 шаарда гана шайлоо тилкелери ачылганын билдирди.

"Орусиядагы Москва, Санкт-Петербург, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында гана шайлоо тилкелери ачылган. Биздин жарандар бул тууралуу маалыматы жок болгону үчүн билбей, добуш бербей калып жатышат. Биз буга чейин маалымат каражаттары аркылуу, социалдык тармактардагы баракчаларыбыз аркылуу шайлоо боюнча билдирүүлөрдү таратканбыз. Биометрикалык каттоодон өткөн, консулдукка учётко турган гана Кыргыз жарандары добуш бере алышат", - дешти алар.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу Орусиянын Омск шаарында жашаган кыргыздар ал жерде шайлоо тилкеси ачылып-ачылбаганы тууралуу маалыматы жок болгондугуна байланыштуу добуш берүүгө катышпай калгандыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.10.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз буга чейин эле чет олколордо аз шайлоо участкасы ачылганын, мигрант шайлоочуларга бут тосуулар болуп жатканын айтып келгенбиз.... Силер биз айткандарды угуп койдунарбы?!! Консулдукта учету жоктор, трудовой договору жоктор ж.б. шайлоого катыша албайт деп коз коруноо бут тосуп жатасынар.... Россияда учурда 700-800миндей шайлоочу бар. Алардын баары болбосо да 80-90%ти биометрикалык каттоодон отушкон Кыргызстанда журушкондо... Ошондо эми Россиядан канча шайлоочу шайлоого катышып жатат?!!
15.10.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо Кыргызстандын тышынан баары болуп 18500 шайлоочу гана шайлоого катыша алса, анда Россиядан болгону 15инге жетпеген шайлоочу гана шайлоого катышат экен да... Ал эми бир Россиянын озунон 700 мин чамалуу шайлоочу мигрант-мекендештерибиздин шайлоого катышпай калуусу силерди ойлонтпой жатабы?!! Бул деген Ысык-Кол, Нарын, Талас облустарын бириктиргенде да мынча шайлоочу чыкпайт го?!!... Муну эмнеге силер ойлонбодунар?!!
15.10.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Tokmokchu1, ойлонушкан еще как ойлонушкан. Россиядагы мигранттар сооронбайга добуш беришпейт, ошону ойлоп атайын ушинтип жатышат, акмактар!
15.10.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жоктор!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-15 19:54:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: