super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Бүгүн эртең менен Көк-Жар кичи районунда табылган адам киши колдуу болуп каза болгон"

 

Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат SUPER.KG порталына күбө тарабынан кабарланган. Окуя тууралуу Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, башкармалыктын маалымат кызматынан Адыл Оморов буларды билдирди.

"Бүгүн эртең менен саат 07:00 чамасында Октябрь РИИБине телефондон чалуу болуп, Көк-Жар кичи районунда адамдын өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, болжол менен 20 жаш чамаларындагы жарандын жансыз денесине күбө болушкан. Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум сол төшүнө, жүрөк тушка бычактан сокку алганы аныкталды. Ыкчам топ барганда аны сактап калууга кеч болуп калган. Дене өлүкканага жеткирилген. Ага соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды", - деп маалымдады Оморов.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен күбө "саат 06:50, 07:00 чамаларында №8-үйдүн алдындагы таштанды таштоочу урналар жактан адамдардын кыйкырыгы чыгып калды. Терезеден карасак ак түстөгү унаадан 4-5 киши түшүп, азиат улутундагы бир адамды таштап туруп качып кетишти. Алар унаанын эшигин ачып "ташта!" деп кыйкырышты", - деп маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
15.10.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кем дуйно
15.10.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis2014, темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: