super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБи: "Айыл чарба жана мелиорация министри кол көтөрдү" деген жаран арыз берди"

 

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнө бүгүнкү президенттик шайлоо боюнча ар түрдүү кабарлар келип түшүүдө. Төмөндөгү видеодо өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин биринде шайлоочу сабалгандыгы тууралуу окуя тартылган. Видеону жөнөткөн адам окуя №2186-шайлоо тилкесинде орун алганын кабарлаган.

Видеодо көк футболка, спорттук кийимчен, бети-башы кан болгон адам менен костюм шымчан адамдын кыскача маеги тартылган. Ал жерде жабыр тарткан адам "менин бетиме эч ким түкүргөн эмес, Маматали", - деп жанындагы кишиге кайрылып, андан ары сөгүнгөн сөздөр менен диалог уланат. Видеого тартып жаткандар жабырланган адамды "Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек өзү уруптур" деп сүйлөшкөндөрүн угууга болот.

Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Самара Кыдырова бул окуя тууралуу SUPER.KG порталына төмөндөгү жоопту айтты.

"Бул иш боюнча жабырлануучу Кыдыр Мадсаков аттуу жаран Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин үстүнөн Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Окуя шайлоо тилкесинде эмес, андан алыс жерде болгон. Ал жерде сабаган эмес, өз ара пикир келишпестиктен улам кол көтөрүү болгон. Кайым айтышуудан кийин кол менен урганда жабырлануучунун бетине тийип канап кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Самара Кыдырова.

Эскерте кетсек, министр Нурбек Мурашевдин аты-жөнү буга чейин бир нече чуулгандуу окуяларда аталып келген. Алсак, министр депутат болуп турган кезинде 2014-жылдын февраль айында тууганы экөө Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевге кол көтөргөнү тууралуу маалымат тарап, мунун аягы кылмыш ишинин козголушуна чейин жеткен.

2015-жылдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мезгилинде дагы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты болуп турган маалында Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы маалым болгон. Мурашев талапкер Кабулжан Кимсанбаевди Сакалды айылына жакын жердеги талаага алып барып денесине оор жаракат келтиргени, депутаттан токмок жеген Кабылжан Кимсанбаев ден соолугуна келтирилген соккунун кесепетинен шок абалына түшүп, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазганы айтылган.






Жалал-Абадда шайлоочу сабалганы айтылды (сөгүнгөн сөздөр бар)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
15.10.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2 жыл мурун бул министр сорой врачты урган.Буга окшогон министр аты жамынган бандиттер оз жазасын алыш керек?
15.10.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бу кетиште точно сооронбай болот
15.10.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сооронбай болду акыйкат щайлоо болгон жок эми ХХХХ өтпөй калгандар. Кыргыз элим дагы 6 жылга АША нын системасы калды. Корупция эми күчөйт. Ии байкуш кыргызым өзүңө өзүң кылдың добушуңду акчага сатып
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-15 17:30:32
15.10.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akyl78.1501,Акчадан мурда Сокеде бийлик болуп атпайбы.Ким поддержка кылып атканын да билеттирсинер.Шайлоо таза отсо сокенин кандитатурасы отпойт эле.
15.10.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl78.1501, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
15.10.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сооронбайдын министрлери баары чон муштумдарбы?!! Буга чейин чуулгандуу иштерде жургон бири кантип айыл чарба министри болуп дайындалды?!! Атамбаевдин тушунда "вор в законе" да министр, депутат боло алат экен да анда...

Баса крим.чойро окулдору Ала-Бука, Кара-Суу, Токтогул ж.б.райондордо жергиликтуу кенештерге шайланып келди деп кулак чалып калат....
15.10.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бандиттердин партиясы окшойт ко бут эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: