super.kg logo

"Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Бегимай Карыбекованын видеосу талкуу жаратты

 

Кытайдын Санья шаарында 20-октябрда баштала турган "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катышып жаткан Бегимай Карыбекованын өзүн тааныштырган видеосу социалдык тармактарда талкуу жаратууда.

20-октябрдан 19-ноябрга чейин Санья шаарында өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 19 жаштагы Бегимай Карыбекова катышып жатат. Ал сынакка катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңүүчү аталгандан кийин алган. Бегимайдын өзүн тааныштырган видеосун Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары кызуу талкуулап жаткан мезгили. Айрымдары Бегимайдын англис тилинде окуган текстин сынга алып, сулуу бийкеч бул тилди дагы үйрөнүш керек деген пикирлерин билдиришкен.

Алардын арасында Бегимайдын видеосун жактырып, жакшы каалоо-тилектерин айткан колдонуучулар да бар.

Бегимай Карыбекова - модель. Ал мурда Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Top Model Of The World-2016" сынагына катышып, эң сулуу 7 бийкечтин катарына кирген. Мындан кийин ал аталган сынактын промо-ролигине тартылуу укугуна ээ болгон.

Алдыда боло турган "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына катыша турган башка кыздар да өздөрүн тааныштырган видеолорду жарыялоодо. Алардын арасында Монголиянын атынан катышып жаткан Цэвээндайшин Энхжиндин өзүн тааныштыруу видеосу көптөгөн кароолорду алууда. 24 жаштагы катышуучу видеосунда монгол элинин көчмөн жашоосу, улуттук каада-салты жана мекенинин жаратылышынын кооздугу тууралуу баяндап берген. Башка катышуучулардын видеосун болжолдуу 9 миң колдонуучу көрсө, Энхжиндин видеосун 60 миңден ашуун адам көргөн.

Энхжин өзүнүн кесиби боюнча дизайнер. Ал Кембридж университетинин искусство тарыхы бөлүмүн аяктаган. Азыркы учурда ал Eden Design компаниясын башкарат.

"Дүйнө сулуусу-2017" кароо-сынагына жалпысынан 70 өлкөдөн сулуулар катышат.






Miss World 2017: Монголия-Цэвээндайшин Энхжин

Бегимай Карыбекованын "Дүйнө сулуусу-2017" сынагына даярдалган клиби

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
Медиа-портал
19.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул кыз чынында сулуу экен.
15.10.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Монгол кызы сулуу экен
16.10.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеону мындан да жакшы тартса болмок. Бегимай ийгилик ылайым биринчиликти багындыр.
16.10.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимайдын эле аппагынан го монгол кызы. Сырткы сулуулугунан эч кандай озгочолук деле байкалган жок. Биздин Бегимай андан калышпайт экен бирок.
16.10.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Зе Лондон ис капитал оф Гриит Бритайн" болуп калыптыр го буд жагы)))
16.10.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары жакшы баары сонун тартылыптыр ийгилик атын тааныт кыргызстандын
16.10.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага караганда жакшы эле суйлойт экен англисче
18.10.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде ондукка кирип келсе экен
18.10.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Монголдордун кызы сулуу экен аябай. Негизи монголдордо сулуулар аз эле, а бизбе сулуулар коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: