Саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12 пайызы добуш берди. Кайсы облустар шайлоого активдүү катышууда?

Президенттик шайлоодо саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12 пайызы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Бишкек, Ош шаарларында, облустарда жана чет өлкөдө шайлоого катышуу активдүүлүгү төмөнкүдөй болууда.
Бишкек шаарында 45,5 пайыз,
Ош шаарында 52,8 пайыз,
Талас облусу 45,75 пайыз,
Нарын облусунда 41,95 пайыз,
Ысык-Көл облусунда 40,59 пайыз,
Ош облусунда 38,94 пайыз,
Чүй облусу 37,4 пайыз,
Баткен облусу 37,33 пайыз,
Жалал-Абад облусунда 36,47 пайыз,
Чет өлкөдө 18,27 пайыз.
Айта кетсек, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы саат 20:00дө айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ошентсе да, Мадумаров өтөт денен ниеттебиз
Анан калса бюллетенге жонокой ручка менен жазса болбойт деп жатышат. Эгер алардын ручкасы программаланып, силер койгон "птичка" Жээнбековго жылып калса, кантип далилдейсинер?!!..