super.kg logo

ШКУнун баш катчысы Кыргыздагы президенттик шайлоого өзүнүн баасын берди

 

Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Рашид Алимов Кыргыздагы президенттик шайлоо көз карандысыз, таза, ачык өтүп жатканын айтты. Мындай оюн ал бүгүн, 15-октябрда маалымат жыйында билдирди.

“Кыргыз Республикасы 2001-жылдан баштап ШКУнун түптөөчү мамлекеттердин бири. Бул өлкөдө эмне болуп жатканы бизди дагы кызыктырат. ШКУнун мүчөлөрү эл аралык байкоочу катары шайлоо тилкелерин кыдырып чыкты. Мен дагы бир шайлоо тилкесине барып келдим. Шайлоо комиссиясынын төрагалары менен баарлашып, шайлоонун жүрүшү менен тааныштык. Маанилүү нерсени белгилеп койсок, БШК добуш берүүгө бардык шарттарды түзүп бериптир. Баарынан дагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өлкөдөгү маанилүү тарыхый окуяга кайдыгер карабастан шайлоого катышканына ыраазы болдук. Шайлоо тилкелеринде иш алып барып жаткандар жарандарга добуш берүүнүн эрежелери менен тааныштырып жатат. Мындайча айтканда президенттик шайлоо жогорку деңгээлде өтүп жатат”, - деди Алимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: